Депутат жабык эшик артында айтылган сындардын четин чыгарды

© Фото / пресс-служба ЖКЖК депутаты Мирлан Жээнчороев. Архив
ЖК депутаты Мирлан Жээнчороев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал тууралуу өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында карап жатат.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Биз тараптан айтылган негизги сын бул делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын курамы туруксуз болуп жатканы болду. Мындай пикирин депутат Мирлан Жээнчороев журналисттерге билдирди.

"Комиссиянын курамы туруктуу жана квалификациялуу болушу керектигин айттык. Себеби архивдик документтер менен иштөө керек. Ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодо өзүнүн бекем позициясы болушу кажет. Өкмөттөр аралык комиссияда көтөрүлүп жаткан маселелердин айрымдары жабык мүнөздөгү маалыматтар. Өкмөт биз өз позициябызда турганыбызды жана алабыз деп жаткан жерлердин документтери бар деп ишендирүүдө", — деди ал.

Депутат журналисттердин "ошол документтерди жарыяласа болобу?" деген суроосуна "бүгүн талкууланып жаткан маселелердин купуя сыр болбогон бөлүгү жарыяланышы керек" деп жооп кайтарды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0