Вид на жилые дома в приграничном с Таджикистаном селе Максат Лейлекского района Баткенской области с высоты птичьего полета. Архивное фото

Оңой болгон жок. Кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы

6538
(жаңыланган 12:40 20.09.2019)
Маалыматта тараптардын кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн болгон күч-аракетин жумшагандыгы айтылган.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар макулдашууларга келгенин вице-премьер Жеңиш Разаков билдирди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ал эки өлкөнүн премьер-министрлери Мухаммедкалый Абылгазиев менен Кохир Расулзоданын макулдашуусунун негизинде эки өлкөнүн вице-премьерлери башында турган өкмөттүк делегациялар узакка созулган сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн айткан.

Анда чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги чыр-чатактарды басаңдатуу үчүн бирдиктүү чараларды кабыл алуудагы маселелерди чечүү талкууланган.

"Оңой эмес, бирок конструктивдүү диалог болду. Тараптар кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн болгон күч-аракетин жумшады. Тажик тарап менен бир катар макулдашууларга жетиштик. Эки мамлекеттин тең чек ара аймактарынан аскердик техника менен аскерлерди чыгарып кетүү боюнча чечим кабыл алынды. Тараптар чек арадагы такталбаган тилкелерде курулуш иштерин жүргүзүүнү токтотууну макулдашты", — деген Разаков.

Кыргызстан менен Тажикстандын премьер-министрлеринин тапшырмасы менен чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялар чек ара маселелерин чечүү боюнча ишти күчөтөрү маалымдалган.

Учурда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде бардык беш көзөмөл-өткөрүү бекеттери, анын ичинде "Кулунду" жайы кадимки калыбында иштеп жатканы айтылган.

"Чек арада кырдаал туруктуу, Максат айылынын эвакуацияланган тургундары өз үйлөрүнө кайтты, эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү чек арага жакын жайгашкан аймактарды биргелешип күзөтүүдө", — деген вице-премьер.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө болуп, эки өлкөнүн жергиликтүү бийлик органдары чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы айтылды.

Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечке жуук кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, коңшу өлкөнүн чек арачылары Лейлек районундагы Максат жана Сай бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен атайын даярдыктагы бир аскер курман болуп, 13 киши жарадар болгон. Алардын ону Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна алып келинсе, үчөө Лейлектеги ооруканада калган.

Ал эми Тажикстан тараптан чек ара чырында үч киши каза болгондугу туурасында маалыматтар берилген.

КРдин Мамлекеттик чек ара кызматы чыр Тажикстан тараптын такталбаган чек ара тилкесине, тагыраагы, Баткен районунун Жака-Өрүк аймагына курулуш баштагандыгынан келип чыккандыгы тастыктаган.

Ал эми 18-сентябрдын кечинде тажикстандыктар чырга себепкер болгон курулушту токтоткону белгилүү болду.

6538
Белгилер:
Максат, Лейлек району, Баткен облусу, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Максат жана Сай чек ара бекеттерине атылган ок (42)
Тема боюнча
Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон 8 кишиге операция жасалды
Чек ара кызматынын жетекчиси Шаршеев чыр курулуштан чыкканын тастыктады
Парламентте Чек ара кызматын Баткенге көчүрүү сунушталды
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев. Архив

Башкы прокуратура Атамбаевдин уулунун билдирүүсүнө жооп берди

404
(жаңыланган 14:52 30.09.2020)
Башкы прокуратурадан түшүндүрмө беришип, прокурор тергөөчүгө кылмыш иши боюнча тапшырма бергенде мыйзамды бузган эмес деген жообун айтышты.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырдын билдирүүсүнө берилген жоопту таратты.

Буга чейин Кадыр Атамбаев интернетке видео жүктөгөн. Анда Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция боюнча ишти Башкы прокуратуранын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси Арстанбек Боромбаев көзөмөлдөгөн, ал президент Сооронбай Жээнбековдун эжесинин уулу деген маалыматты айткан.

Боромбаев УКМКнын тергөөчүсүн иш республиканын жетекчисинин көзөмөлүндө турарын айтып коркуткан деген.

Кадыр Атамбаев Жээнбековдун эжесинин экинчи баласы Рустамбек Боромбаев Түштүк-Батыш бажысынын жетекчисинин орун басары экенин кошумчалап, президентке байланыштуу деп бир нече фамилияны атаган.

Башкы прокуратурадан Жазык-процессуалдык кодекстин 34-беренесинин негизинде прокурор иликтенип жаткан иштердин мыйзамдуу жүрүп жаткандыгын көзөмөлгө алууга укуктуулугун, ишти тергөөчүгө тапшырып, тергөөчүнүн билдирүүсүнө ылайык четке кагууга уруксат берип жана аны өзү да четтетүүгө укугу бар деп билдиришти.

Баш-аягы көрүнбөгөн карыз. Тарых музейинин ачылбай жаткан себептери айтылды

Мындан сырткары, прокурор тергөөчүгө процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүгө, ишти иликтөөгө, кылмышты классификациялоого жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө, белгиленгендерге туура келбесе тергөөчүнүн каршы пикирлерин карап чыгууга укуктуу экенин айтышты.

Аны менен катар эле БПдан прокурордун алгачкы текшерүү органдары менен тергөөгө арызды карап чыгуу боюнча берген тапшырмасы, кылмыш ишти, маалыматтарды иликтөө боюнча билдирүү Жазык-процессуалдык кодексте каралгандыгын билдиришкен. Бул аталган органдардын милдети экендигин кошумчалашкан.

Маалыматта 2018-жылы 26-сентябрда аталган көзөмөл орган тарабынан Тарых музейин реконструкциялоо боюнча кылмыш иши иликтенип чыкканы айтылат. Кодексте талап кылынгандай, иштин жагдайын ар тараптуу толук жана объективдүү иликтөөнү камсыздоо максатында тергөө иштерин жүргүзүү боюнча кат түрүндө тапшырма берилип, УКМКга жөнөтүлгөн.

Тергөөчүнүн прокурор берген көрсөтмөнү аткаруусу Жазык-процессуалдык кодекстин 36-беренесине ылайык келет. Аткарылбаган учурда ал өзүнөн жогорку кызматта турган прокурорго иштин жагдайын кагаз түрүндө түшүндүрүп, кайрылууга укуктуу.

УКМК: Тарых музейин оңдоодогу коррупциялык иштерде Атамбаевдин аты аталууда

Айтылган тапшырма боюнча жогорку кызматтагы прокурорго арыздануу иштин аткарылышын токтотуп калбайт. БПдан бул жаатта УКМКдан нааразылык келип түшпөгөндүгүн айтышты.

Боромбаев жөнүндө башкы көзөмөл органынан ал прокуратурада 1995-жылдан бери иштеп келе жаткандыгын, ар кыл кызматтарда эмгектенип, жетекчи да болгондугун айтышты.

2019-жылдын 30-декабрында өзүнүн арызы менен Башкы прокуратуранын бөлүм жетекчилигинен бошоп, кезектеги кадрлардын катарына калтырылган. БПдан аталган тармакта иштеген мезгилдери прокуратурага өтөгөн кызматы үчүн ведомстволук сыйлыктарга татыган деген маалымат беришти.

404
Белгилер:
коррупция, Тарых музейи, Башкы прокуратура, Кадыр Атамбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Иштебеген Тарых музейинин айланасына тосмо эмне үчүн коюлган? Расмий жооп
АКШ президенттигине кандидат Жо Байден. Архивдик сүрөт

Трамптан так талашкан Байден аны "Путиндин күчүгү" деп ачуусуна тийди

281
(жаңыланган 11:13 30.09.2020)
АКШда президенттик шайлоо ноябрдын башында өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат, негизги атаандашы демократтардын өкүлү Жо Байден болмокчу.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп менен алдыдагы шайлоодогу атаандашы Жо Байден биринчи дебатында эле кайым айтышып кетишти. Бул тууралуу "Известия" агенттиги жазды.

Саясатчылар сөз берилгенде бири-бирин күнөөлөп, ар кандай сындарды айта баштаган. Дебаттын жүрүшүндө демократтардан өлкө башчылыгына аттанган Жо Байден Трампты "Путиндин күчүгү" деп атады.

"Мен Россиянын президенти Владимир Путинге каршы туруп, анын айла-амалдарына барбай турганымды ачык билдиргем. А тиги (Трамп) — Путиндин күчүгү жадагалса америкалык аскерлердин кыйылган өмүрү үчүн бир нерсе талап кылып ооз ача албайт", — деген Байден.

Ал шайлоодо эмне үчүн америкалыктар ага добуш бериши керек деген суроого Трамптын жетекчилиги астында жарандар алсыз болуп, жакырланып, ошондой эле бөлүнүп-жарылууга, зордук-зомбулукка баргандыгын айткан.

Трамп: президенттик шайлоодо бир эле себеп менен утулуп калышым мүмкүн

Ошондой эле Байден Трамп коронавирус пандемиясында дүрбөлөңгө түшкөнүн жана дайыма калп айта берерин кошумчалаган. Президент болсо атаандашын ал 180 миллион кишини медициналык камсыздоодон кол жуудургусу келип жатканын жана негизи эле интеллекти төмөн экендигин айткан.

Дебаттын жүрүшүндө атаандашын сүйлөтпөй, улам сөзүн бөлө берген Трамптан Байден бир мүнөткө оозун жаап турушун суранган.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Трамп экинчи мөөнөт үчүн ат салышат. Так талашта ага демократтардын өкүлү, 77 жаштагы Жо Байден атаандаш болот.

281
Белгилер:
шайлоо, президент, дебат, Владимир Путин, Жо Байден, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
АКШ президенти Дональд Трамптын жээни аны сотко берип, себебин түшүндүрдү
Евробиримдик жана АКШ: Беларусь менен көйгөйлөрүн Польша өзү чечип алсын
АКШнын Киевдеги элчилигин имараты. Архив

Киевде АКШ элчилигинде иштеген аялдын өлүмүнүн себеби иликтенип жатат

0
(жаңыланган 22:52 30.09.2020)
Алгач полиция аялды өлтүрө сабап кетишкенин билдирсе, кийинчерээк жергиликтүү басылмага укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адам аны поезд коюп кетиши мүмкүндүгүн маалымдаган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Украинанын борбору Киевде АКШ элчилигинин кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Киев Улуттук полициясынын маалымат кызматы дипөкүлчүлүктүн кызматкери ооруканага токмок жеп түшкөндөн кийин каза тапканын билдирген. Укук коргоо органдары окуянын жагдайын тактап жатат.

Трамп: полиция кызматкерлерин жөн жерден атып кеткен киши өлүм жазасына тартылат

Полициядан билдиришкендей, шаршемби күнү Киев шаарынын Шевченко районундагы темир жол каттамына жакын жердеги токойлуу аймакта башынан жаракат алган аял жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жакка полиция кызматкерлери жана башка кызматтардын өкүлдөрү жөнөп кеткен.

"Аял эс-учун жоготкон абалда ооруканага жаткырылып, кийин ал ошол жерден көз жумган. Жабырлануучунун буюмдарын текшерүү учурунда анын АКШ элчилигинде иштей турганын тастыктаган күбөлүк табылган. Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында кызматкерге кол салышы ыктымал делген адамдын болжолдуу портрети түзүлүп, изделип жатат", — деп айтылат маалыматта.

Украина полициясынын өкүлдөрү РИА Новостиге маркумдун жарандыгы тактала электигин билдиришкен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, аялдын аты Санвер Никаело болгон.

Андан кийин "Цензор.НЕТ" басылмасы укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамга таянуу менен элчиликтин кызматкерин поезд коюп кетиши ыктымалдыгын жазган. Аял кулакчын тагынып алып темир жол жакта чуркаганы божомолдонгон.

Ошондой эле маалымат берген киши элчиликтин кызматкери желке тушунан оор жаракат алганын кошумчалаган.

0
Белгилер:
иликтөө, өлүм, кызматкер, элчилик, АКШ, Киев, Украина
Тема боюнча
Киев: бомба жардырам деген өзбекстандыкты аскерлердин кармаган учуру. Видео