Жыйынга келбей койгон Карамушкина менен Кодурановага комиссия өзү бармай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Ирина Карамушкина. Архив
ЖК депутаты Ирина Карамушкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө үчүн мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кой-Таштагы окуялардын чоо-жайын иликтеген мамлекеттик комиссиянын кезектеги жыйынына депутаттар Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранова келүүдөн баш тартты. Бул тууралуу мамкомиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков жыйын учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, комиссиянын бүгүнкү отурумуна Карамушкина менен Кодуранова чакырылган болчу.

"Алар келүүдөн баш тартты. Мага катчылыктан ушундай маалымат беришти. Биз аларды суракка алгыдай тергөө органы эмеспиз", — деди ал.

Разаков, андан сырткары, жыйын ачык өтүп жатканын жашыра турчу эч нерсе жок экенин кошумчалады.

Комиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков депутаттар чакырылгандан кийин келиши керектигин айтып нааразы болду.

"Алардын өздөрүнүн иши эмес. Алар чоктун ортосунда болушкан. Биз алардан барымтага албай койсо болот беле, өлүмгө жеткирбесе болот беле, ошолорду сурамакпыз", — деди ал.

Исаков, андан сырткары, "Экөөнүн позициясын укпай туруп чечим чыгарып койсок кандай болот?" деп суроо салды.

Присяга новых членов Правительства в Жогорку Кенеше - Sputnik Кыргызстан
УКМК жетекчиси мамкомиссияга Кой-Таш окуясы боюнча купуя документтерди көрсөттү
"Алар келбесе төрагага жазалы, келишин камсыздап бериңиз деп. Керек болсо депутаттар дагы чечим кабыл алсын. Биз бул жерде саясий чечим кабыл алышыбыз керек. Алар комиссиянын ишин бурмалоого аракет кылып жатат. Келишсин. Эгер ушундай эле кыйын болуп кетсе Жогорку Кеңешке баралы", — деди Исаков.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү Артур Медетбеков Исмаил Исаковду колдой турганын айтып, Карамушкина менен Кодуранова келиши керектигин белгиледи.

Эскерте кетсек, 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылындагы окуяларды иликтөө үчүн өкмөт 29-август күнү комиссия түзгөн. Вице-премьер Жеңиш Разаков башында турган комиссия бир айдын ичинде абалды иликтеп, Жогорку Кеңешке маалымат берүү үчүн корутунду даярдашы керек. Комиссиянын курамына ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана коомдук ишмерлер кирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0