Кой-Таш боюнча мамкомиссия төрагага кат жолдойт

Жазылуу
Комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков өз атынан төрагага кат жолдоону тапшырып, депутаттар Карамушкина менен Кодуранованын көрсөтмө берүүсүн камсыз кылууну суранмай болду.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кой-Таштагы окуялардын чоо-жайын иликтеген мамлекеттик комиссия депутаттар Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранованын түшүндүрмөсүн Жогорку Кеңештен укмай болду. Тийиштүү чечим мамкомиссиянын бүгүнкү отурумунда кабыл алынды.

ЖК депутаты Ирина Карамушкина. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыйынга келбей койгон Карамушкина менен Кодурановага комиссия өзү бармай болду
Комиссиянын жыйынына чакырылган депутаттар отурумга келип көрсөтмө берүүдөн баш тартышкан болчу. Мамкомиссиянын мүчөлөрү депутаттар атайылап келбей жатканын айтып, талашып-тартыша да кетишти.

Айрымдары депутаттар келиши керек дешсе, кээси комиссия тергөө органы эмес экенин, депутаттарды мажбурлап алып келе албай турганын билдиришти.

Жыйынтыгында комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков өз атынан төрагага кат жолдоону тапшырып, депутаттар Карамушкина менен Кодуранованын көрсөтмө берүүсүн камсыз кылууну суранмай болду.

Натыйжада мамкомиссия кийинки отурумун шаршемби күнү Жогорку Кеңештин имаратында өткөрмөй болду.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0