Экс-сотрудника ГКНБ Каната Сагымбаева, охранявшего бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева, водворили в СИЗО-1 до 8 октября

Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев камакта калтырылды

360
(жаңыланган 14:27 27.09.2019)
Сагымбаев 24-сентябрь күнү 23:00дө кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча иш козголгон.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевди Биринчи Май райондук соту 8-октябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

  • Экс-сотрудника ГКНБ Каната Сагымбаева, охранявшего бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева, водворили в СИЗО-1 до 8 октября
    Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы мүчөсү Канат Сагымбаевди Биринчи Май райондук соту 8-октябрга чейин камакта калтырды
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Экс-сотрудника ГКНБ Каната Сагымбаева, охранявшего бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева, водворили в СИЗО-1 до 8 октября
    Эске сала кетсек, Сагымбаев 24-сентябрь күнү 23:00дө кармалган
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Экс-сотрудника ГКНБ Каната Сагымбаева, охранявшего бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева, водворили в СИЗО-1 до 8 октября
    Ага Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча ("Массалык башаламандыкты уюштуруу", "Адам өлтүрүү", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу") иш козголгон.
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
1 / 3
© Sputnik / Нурис Алымбаев
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы мүчөсү Канат Сагымбаевди Биринчи Май райондук соту 8-октябрга чейин камакта калтырды

Эске сала кетсек, Сагымбаев 24-сентябрь күнү 23:00дө кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренеси боюнча ("Массалык башаламандыкты уюштуруу", "Адам өлтүрүү", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Иликтөө иштерине тоскоолдук кылуу") иш козголгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Сагымбаев Атамбаев кармалганга чейин аны кайтарып жүргөн. Жан сакчы болуп мамлекет тарабынан бекитилген. Мыйзамга ылайык, президент кызматын тапшырып бергенден кийин ага мамлекет жан сакчы дайындап бериши керек.

Эске салсак, 7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес.

"Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген. Сагымбаев ошол учурда Атамбаевдин жанында жүргөн.

360
Белгилер:
жан сакчы, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Атамбаевдин жан сакчысы талапка төп келбейт делип иштен алынды
Атамбаевдин кармалган жан сакчысы киши өлтүргөнбү? Коюлган айыптар
Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаевдин өмүр баяны
Эл аралык аэропортундагы учак. Архив

Аэропорт аткаминерлер санавиация менен учуп кетүүдө деген сөзгө жооп берди

0
(жаңыланган 13:03 13.07.2020)
"Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы коомчулуктан такталбаган кабарларды таратпоону суранган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Социалдык тармакка тараган маалыматта айтылгандай, кыргызстандык аткаминерлер жакында "Манас" аэропортунан эл аралык чартердик каттамдар менен учкан эмес. Бул туурасында аталган аба майдандын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, эл арасында атайын борт менен cаламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония, орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавируска кабылып, Германияга дарыланууга учуп кетти деген маалымат тараган.

COVID-19дан беш медик каза болду. Сандардын өсүп жатышынын себеби

"Дүйнө жүзүндө эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашынан улам жана башка өлкөлөр менен аба байланышына тийиштүү чектөөлөрдү киргизүү мөөнөтүндө "Манас" аэропортуна мезгил-мезгили менен буюртмалык чартердик-санитардык каттамдар аткарылууда. Аталган каттамдар менен чет элдик дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрү жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик жарандар пайдаланат. Ал эми Кыргызстандын жарандары мындай каттамдар менен учкан эмес", — деп айтылган маалыматта.

Аэропорттун маалымат кызматы коомчулуктан мындай такталбаган кабарларды таратпоону суранган.

"Эл аралык "Манас" аэропорту жалган маалымат таратпоону суранат. Учурдагы эпидемиологиялык абалда "Манас" аэропорту кызматкерлердин жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн күнү-түнү иштеп жатат", — деп кошумчалаган алар.

Ал эми министрлик Сабиржан Абдикаримов менен анын орун басары Нурболот Үсөнбаев дарылануу үчүн чет мамлекетке учуп кеткен эмес деген билдирүү тараткан.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

0
Белгилер:
Нурболот Үсөнбаев, Сабыржан Абдикаримов, Германия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Коронавирус: бир суткада 125 ак халатчан оору жуктуруп, сегизи айыгып чыкты
Талибан террордук уюмунун мүчөлөрү. Архив

Талибдер бийликке умтулууда. Кабул курчоодобу?

254
(жаңыланган 19:29 11.07.2020)
"Талибандын"* кепке-сөзгө келбегени Афганистандагы аскердик-саясий кырдаалды туңгуюкка кептеп, террордук активдүүлүктүн коңшу Борбор Азия өлкөлөрүнө да "чагылуу" коркунучун жаратууда.

Бул көйгөйдү эл аралык көп тараптуу форматта — ЖККУ жана ШКУ мамлекеттеринин дараметин пайдалануу менен гана чечүүгө болорун белгилейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

Июлдун башында Афганистандын негизги автомагистралында талибдердин кол салуусу көбөйдү. Күч органдарынын да буга каршы туруусунан майнап чыкпай жатат. Террорчулар абдан жакшы уюшуп, мыкты куралданышкан.

Өлкөнүн түндүгүндө өзү заряддалуучу 12,7 ммлик көзгө атар Barrett M82 заманбап америкалык винтовкасы колдонулганы байкалган, ал 1800 метрге чейинки аралыктан атат. Афганистандын борбор шаары иш жүзүндө "Талибандын"* согушкерлеринин бекем курчоосунда. Бул уюм Кошмо Штаттар менен түзгөн тынчтык келишиминдеги милдеттенмелерин аткаргысы да жок.

Россияны дүйнөгө жаман көрсөткүсү келгендер "кой терисин" жамынганбы?..

Бул ай жаңырганда Абдул Рашид Дустум Афгандын тарыхында маршал болгон үчүнчү киши болду (Вали Хан шах жана Мухаммед Касим Фахимден кийинки), бирок жеңишке салым болбоду.

Афган куралдуу күчтөрү 22-июнда 19 жылдан берки согуштук аракеттерде белгилүү мөөнөт аралыгындагы эң чоң жоготуулар жөнүндө жарыялашты: талибдер бир аптада 32 провинцияда 422 кол салуу, 290 аскер жана полиция кызматкерин өлтүрүшкөн. Мындан тышкары, 42 жай тургун, анын ичинде аялдар жана балдар да набыт болгон.

Андан мурун (19-июнда) АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы генерал Кеннет Маккензи Кошмо Штаттар талибдер менен түзүлгөн февралдагы келишимдин алкагындагы өз милдеттенмесин аткарып, Афганистандагы куралдуу күчтөрүн 8600 кишиге чейин кыскартканын маалымдаган.

АКШнын "Талибан* менен "туугандашуусунун" аягы эмне болот?

Террорчулардын активдешүүсү америкалык күчтөрдүн өлкө аймагынан чыгарылышы менен байланышы бар экени айкын. Ошону менен бирге эле НАТОнун миссиясынын маселелери да чечиле элек. Улуттук коопсуздуктун афгандык күчтөрүнүн аракети аларды даярдоого америкалыктар тарабынан сарпталган миллиарддаган долларларга карабастан, эч майнапсыз.

2001-жылы "Кыйрагыс эркиндик" операциясы жүргүзүлө баштагандан бери афгандык героин өндүрүүнүн масштабы он эсе кеңейип, дүйнөдө баңгизатты мыйзамсыз айландыруунун 80 пайыздан ашуун көлөмүн камсыз кылат. Талибдер бийликти күч менен басып алууга умтулуп, Аль-Каиданын* согушкерлерин калкалайт. Башкача айтканда, Афганистан жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймагында террордук уюмдардын күчтөнүп жана өнүгүшүнө жөлөк болот.

Сыйышпас өз ара аракеттер

Пентагон талибдердин жоруктары дале Афганистандагы туруктуулукка жол ачпаган негизги коркунуч экенин моюнга алат. АКШнын аскердик мекемесинин бул айдагы докладында талибдердин жоруктары терс бааланып, алардын Аль-Каида* менен байланышы баса белгиленет. "Аль-Каиданын"* регионалдык филиалы – АКИС – "Талибандын" төмөнкү звеносу менен мезгил-мезгили менен иштешет. Афган өкмөтүн алсыратууга багытталган аракеттерине жардамдашат, АКШнын күчтөрүнө чабуул коюуга кызыгуусун жана аймактагы батыштын ниетин колдоого алат".

Анткен менен "Талибан" бул докладды пропагандалык жана негизсиз деп атады. Чыгарылган америкалык күчтөрдүн кайра келери күмөн. Афганистандагы тынчтыкты орнотуу процесси көбүнесе виртуалдык долбоор бойдон, ал эми коалициялык өкмөт – кол жеткис кыялдын символуна айланып калгандай.

Афганистандын президенти Ашраф Гани убактылуу өкмөт үчүн кызматынан кетерин төгүндөй: "Мен талибдердин эркине эмес, афган калкына кызмат кылам", — деп билдирген.

Сабыры түгөнгөн афган бийлиги. Кабул талибдерге согуш ачты

Жакында эле Афганистандын Улуттук элдешүү боюнча жогорку кеңешинин жетекчиси Абдулла Абдулла куралдуу жаңжалдын тараптары түз диалогду демилгелеп турган чакта "Талибан" кыймылынын катышуусу менен убактылуу өкмөттү түзүү жөнүндө маселени талкуулоо ачык экенин жарыялаган. Диалог туткундарды алмашуу процесси аяктаган соң башталууга тийиш. Бирок мунун бүтчүдөй түрү жок, ал түгүл туңгуюкта, себеби "Талибан"* бошотууну талап кылган согушкерлердин тизмесинде "Аль-Каида"*, "Лашкар-и-Тайба"* жана башка террордук уюмдардын мүчөлөрүнүн ысымдары да бар.

Афган өкмөтү 4 015 туткунду бошотту, бирок оор кылмыш менен кесилген 597 кылмышкерди бошотууга ниеттенбейт. Мисалы, алардын арасында Кабулдагы Германия элчилигинин жанындагы жардыруунун уюштуруучулары да бар. Ошол терактыда 150 чакты киши набыт болгон. "Талибанга"* жакын булактар аттары аталган 5 000 айыпкер бошотулбаса, афгандар ортосундагы сүйлөшүүлөр башталбай турганын белгилешет.

Өзбекстан жана Тажикстандагы таянуу түйүндөрү

Вашингтон Афганистан үчүн ага чектеш Борбордук Азия өлкөлөрүнөн издөөдө, алар үчүн афган жергесиндеги оош-кыйыштар коопсуздуктун түздөн-түз коркунучу бойдон калууда. Бул айдын башында Афганистан боюнча АКШнын атайын өкүлү Залмай Халилзад жана АКШнын эл аралык өнүгүүнү каржылоо корпорациясынын (DFC) башчысы Адам Бойлер Ташкентке иш сапары менен барышкан.

Афган жагдайын жөнгө салуунун келечегине байланышкан, Өзбекстандагы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга каржылык каражат тартуу маселелерин жергиликтүү бийлик менен талкуулаган. Андан мурун Халилзад Пакистан менен Катарга да барып, ал жакта да Афганистандагы тынчтыкты орнотуу процессин колдоо маселелери талкууланган.

Ошол эле убакта Ташкентте өзбек жихадчыларынын активдешүүсүнүн белгилери байкалган. 30-июнда аталган республиканын Мамлекеттик коопсуздук кызматы жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлери "Катибатуль Тавхид ва Джихад"* эл аралык террордук уюмунун 11 тарапташынан турган жашыруун тобунун ишмердигине тыюу салган. Алар "жихадга" дайынданып жатышкан.

"Талибанга" көмөкпү? Афганистанда тажик согушкерлеринин активдүүлүгү күч алды

Андан төрт күн өтпөй республиканын борбор калаасында 25 кишиден турган "Жихадчылар* экстремисттик агымынын эки жашыруун тобун жок кылган. Балким, талибдер менен тынчтык макулдашуулары жана Афганистан экономикасына инвестиция долбоорлору кайсы бир убакта анын катышуучуларына пайда алып келер.

Ошентсе да, бүгүн ЖККУ жана ШКУ форматындагы "таянуу түйүндөрү" пайдалуураак. Эң оболу, террордук активдүүлүккө күч менен таасир этүүнүн мамлекеттер аралык потенциалын өнүктүрүү зарыл. Афганистандан ал коңшу аймактарга да чагылбай койбойт. Ислам мамлекети* стратегиясы экспансияны да карайт. Ирак жана Сириядагы согушта Борбор Азия республикаларынан 4200дүн тегерегиндеги жихадчы тажрыйба топтогон.

Soufan Group америкалык компаниясынын докладына ылайык, Жакынкы Чыгыштагы террордук уюмдардын катарында согуштук аракеттерге 2018-жылы 1300 тажик, 1500 өзбек, 500 казак жана 500 кыргыз жараны тартылган. Бул адамдардын көбү жаңы "эрдиктерге" даяр болуп калса керек. Өзбекстандын коргоо жана коопсуздук жаатындагы бекем позициялары негизинен Россия Федерациясы жана КМШдагы башка мамлекеттер менен болгон аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыктан улам түптөлгөнүн (https://sptnkne.ws/Bxn9) белгилеп койгон оң.

Борбор азиялык аймактагы туруктуулукту ОДКБнын тез арада аракетке келүүчү күчтөрү (10дон ашуун батальон) жана ыкчам жооп кайтаруу (атайын багыттагы бөлүктөрдүн курамында 22 миң аскер кызматкери) жамааттык күчтөрү дайым кызмат өтөйт.

Өзбекстан Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө эмес, ошентсе да ушул "коопсуздук коргонуунун" калкалоосунда. Күч структураларынын көп улуттуу контртеррордук өз ара аракеттенүүсүнө дайым өнүгүү үстүндө. Мурда Өзбекстан менен Тажикстан "Өнөктөштүк-2020" аскердик кызматташтык жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюшкан.

Афган туңгуюгу: АКШ касташкан тараптарды элдештирүү аракетинде

Аймактык коопсуздукту бекем камсыздоо үчүн Тажикстанда жайгашкан 201-россиялык аскердик базасы дайым бекемделип, аскердик мүмкүнчүлүктөрү улам кеңейтилип келет. Мотоаткычтар бөлүктөрү стратегиялык маанилүү объекттерди душмандын мина коюлган автомобилдердин чабуулунан коргоо механизмдерин улам өрчүтүп турушат.

"Жихадчылардын" тактикалык ыкмаларын учкучсуз "Орлан-10" комплексин жана бронеуралдардагы "ЗУ-23" мобилдик зениттик түзүлүштөрүн, тийиштүү кароол жана жабдыктар пайдалануу менен түнкүсүн да жок кыла алат.

Мобилдик топтор Ляур тоо полигонунда позициялык коргонуудан – обочолонгон душманга чабуул коюуга, аларды аңдуу жана жок кылууга өтүүгө машыгышат. Борбор азиялык стратегиялык багытта 2020-жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун куралдуу күчтөрүнүн 40ка жакын биргелешкен окуулары өтмөкчү. Бир нече мамлекеттин аймагындагы 20дан ашуун полигон пайдаланылат.

Мындан сырткары, Шанхай кызматташтык уюмундагы сегиз мамлекеттин 10 миңден ашуун аскер кызматкери келерки айда ири масштабдагы "Тынчтык миссиясы – 2020" террорго каршы машыгуусуна катышат. Мына ушундай нерселер – террорчулар менен ийгиликтүү "сүйлөшүүлөр" үчүн реалдуу жана алмашкыс инструменттери. Бирок батыштагы "өнөктөштөр" ЖККУ жана ШКУ же Россиянын аймактагы ролун бөлөкчө өңүттө көрсөтүүгө далалат кылышат.

Кызык окуя

Кооптуулукту тоотпогон америкалык журналисттер 6-июлда афган жергесиндеги Кундуз провинциясына Рахматулла Азиз деген кишини табууга бет алышкан. The New York Times гезити ал кишини "россиялык тыңчылар" менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы ортомчу деп атаган. Эске салсак, NYT версиясына ылайык, россиялык аскердик чалгын кызматы талибдерге америкалык аскерлерди өлтүрүү үчүн акча төлөшү мүмкүн имиш. Албетте, андай Азиз деген кишини таба алышкан эмес.

Кундузда андай кишиден эч кимдин кабары жок. Бир аз мурдараак "Талибан"* "Ислам эмирлигинин он тогуз жылдык жихады кандайдыр бир чалгын кызматы же чет мамлекеттин кайыр-садагасына милдеттүү эмес", – деп кескин түрдө билдирген.

АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Кеннет Маккензи 8-июлда талибдердин Россия менен болгон болжолдуу кутуму тууралуу улуттук чалгындоодон билдирүүлөр келгенин билдирген, бирок алардын жетишерлик далилдери жок.

АКШнын чалгын кызматы Россиянын талибдер менен "жакындыгын" төгүндөдү

Маккензи талибдер көп жылдардан бери америкалык жоокерлерге чабуул коюп келгенин, The New York Times гезитиндеги макалалар Афганистандагы америкалык күчтөрдүн коопсуздугун камсыздоо алгоритмдерин өзгөртпөгөнүн белгилейт.

Соңку жылдары Россиянын Борбор Азияга оң таасири өстү. Бул эң тар чөйрөдө болуп, регионалдык көйгөйдү керт башынын кызыкчылыгына карап "жөнгө салгысы" келген Батыштагы айрым күчтөргө жакпай турганы бышык.

Бирок Афганистандагы согуш жана тынчтык маселелерин монополиялык көзөмөлгө алуу артта калды. Тегин жерден РФ Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев шейшемби күнү: "Россиялык жана америкалык атайын кызматтар кеңири багыттар боюнча кызматташышат. Терроризмге каршы туруу – так жыйынтыктары бар чөйрө", — деп билдирген. Татаал көйгөйлөр биргелешкен эл аралык аракеттер менен гана чечилет. Афган багытында ОДКБ жана ШКУнун ар бир мамлекетинин орду алмаштырылгыс.

* – Бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук топтор.

254
Белгилер:
ислам, Афганистан, террорчу, Талибан, террордук уюм
Тема боюнча
"Тезинен аткаруу зарыл": АКШ Россияны эмнеге жазалагысы бар?
Велосипедде бараткан киши. Архивдик сүрөт

Бишкекте таксист велосипедченди коюп кетти. Видео

0
(жаңыланган 13:25 13.07.2020)
Кырсык бүгүн эртең менен Жукеев-Пудовкин жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде (Түштүк магистраль) катталган. Аны окуянын күбөсү видеого тартып калган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкекте такси велосипедченди коюп кеткен кырсык катталды. Окуя тууралуу видеону "Короче" Telegram каналы жарыялады.

Кырсык бүгүн 8:00дөр чамасында Жукеев-Пудовкин жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде (Түштүк магистраль) катталган. Окуянын күбөсү тарткан видеодон жабырлануучу кишинин жерде жатканын, жанында кулап жаткан велосипедди, такси унаасын жана милиционерлерди көрүүгө болот.

Айдоочу мас болгон. Бишкекте автоунаа коюп кеткен экинчи велосипедчи да көз жумду

Тартип коргоо органдары кырсык болгонун тастыкташты. Жапа чеккен адамдын абалы тууралуу маалымат айтыла элек. Тез жардам кызматына чакырык түшкөн эмес.

0
Белгилер:
такси, милиция, Бишкек, жол кырсык, велосипед
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көл: жол кырсыктан каза болгон үчөө күйөөсү, аялы, баласы болуп чыкты
Көлдө жүк ташыган унаа менен кагышкан машинанын үч жүргүнчүсү мерт болду. Сүрөт