Социалдык фонддун башчысы Медер Исраилов. Архив

Салык кызматы Соцфонддун башчысынын айткандарына жооп кайтарды

309
(жаңыланган 16:57 27.09.2019)
Медер Исраилов быйыл сегиз айдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу 1 миллиард сомго кем болуп жатканын, эгерде чогултуу аракеттери ушул темп менен уланса 2020-жылы январь, февралда пенсия төлөөдө кыйынчылыктар болорун айткан.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча белгиленген пландык көрсөткүчтөрдү 100 пайызга аткаруу үчүн бардык зарыл болгон чараларды көрүүдө. Ар бир субъект боюнча конкреттүү аналитикалык иштер жүргүзүлүп жатканын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Салык кызматы биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы менен 1,5 миллиард сом суммасында кем жыйналгандыгы тууралуу айтылган Социалдык фонддун төрагасынын билдирүүсүнө жооп берди.

Белгилей кетсек, Социалдык фонддун башчысы Медер Ирcаилов быйыл сегиз айдын жыйынтыгы менен камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу 1 миллиард сомго кем болуп жатканын, эгерде чогултуу аракеттери ушул темп менен уланса, 2020-жылы январь, февралда пенсия төлөөдө кыйынчылыктар болорун айткан. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Исраиловдун бул айткандарын сындап, элди дүрбөлөңгө салган жетекчи иштен кетиши керектигин билдирген.

"Салык кызматынын комплекстүү иштөөсүнүн натыйжасында 8 айдын жыйынтыгында 20,3 миллиард сом чогулуп, алты айдагы жыйналбай калган сумма азайып, 800 миллион сомду түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Мекемеден кабарлашкандай, сентябрь айынын жыйынтыгы менен планды 80 миллион сомго ашыкча аткаруу күтүлүүдө. Ал эми үстүбүздөгү жылдын акыркы үч айынын ичинде биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча артта калууларды эске алуу менен 10,1 миллиард сом камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо зарыл. Жалпысынан 2019-жылы Салык кызматы 33 миллиард 144,5 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултушу керек.

"Ведомство жер-жерлерде камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тийиштүү суммаларын өз убагында жана толук өлчөмдө төлөөнүн зарылдыгы жөнүндө төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл 1-январдан тарта камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу функциясы Социалдык фонддон Салык кызматына берилген.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
309
Белгилер:
төлөм, пенсия, өкмөт, Социалдык фонд, Мамлекеттик салык кызматы
Тема боюнча
Абылгазиев: элди коркутканы үчүн Соцфонддун төрагасы иштен кетиши керек
Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архив

Мурдагы тышкы иштер министри Айдарбеков президенттин кеңешчиси болду

8
(жаңыланган 18:46 22.10.2020)
Президенттик аппараттан билдиришкендей, бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчынын милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

"Мындай чечим Чыңгыз Айдарбековдун мамлекеттик жана дипломатиялык кызматтагы кесипкөй чоң тажрыйбасын жана мурда ээлеген кызматтарында жетишкен натыйжаларын эске алуу менен кабыл алынды", — дешти аппараттан.

Ошондой эле бүгүнкү күндө жаш, кесипкөй кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналары белгиленди.

8
Белгилер:
кеңешчи, президент, Чыңгыз Айдарбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Тилек Токтогазиев айыл чарба министри болуп дайындалды
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

18
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

18
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео