Сооронбай Жээнбеков Ереванга учту. Коштоп кеткендердин тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Сооронбай Жээнбеков. Архив
Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйын 1-октябрга белгиленген. Ага чейин Жээнбеков молдовалык кесиптеши Игорь Додон менен жолугушат.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ереванга учуп кетти.

Жыйын 1-октябрга белгиленген. Ага чейин Жээнбеков молдовалык кесиптеши Игорь Додон менен жолугушат. Саммиттин алкагында бир нече жолугушуулар болору күтүлүүдө. Ошондой эле Сингапур мамлекети менен эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимге кол коюлат.

Расмий делегациянын курамы:

  • Данияр Сыдыков — президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси;
  • Аликбек Жекшенкулов — Кыргызстандын Россиядагы элчиси;
  • Жеңиш Разаков — вице-премьер-министр;
  • Санжар Муканбетов — экономика министри;
  • Бактыгүл Жээнбаева — финансы министри.

Саммитке ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн президентинен тышкары Ирандын лидери Хасан Рухани катышмакчы.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0