Фарид Ниязов в Первомайском районном суде, где рассматривается дело сторонников бывшего президента Алмазбека Атамбаева

Атамбаевдин тарапташтары 9-декабрга чейин камакта калды

315
(жаңыланган 17:14 08.10.2019)
Мурдагы президенттин жактоочулары Кой-Таш айылында болгон окуяларда бир нече кылмыш иштерин жасаган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары 9-декабрга чейин тергөө абагында жайында калтырылды. Мындай чечим Биринчи Май райондук соту тарабынан кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин тарапташтары 9-августта камакка алынган. Кой-Таштагы окуялардагы кылмыш иштерине тиешеси барлар — Фарид Ниязов, Амантур Жамгырчиев, Манас Шаменов жана Рысбек Карыпбек уулу.

Сот Алга Кылычевдин жактоочусу сотко келбегендиктен анын камакта кармоо маселесин кароодон баш тартты. Ошентип Кылычев №1 убактылуу кармоо жайына сот залынан алынып кетти.

Атамбаевдин жактоочулары массалык башаламандык уюштуруу, адам өлтүрүү жана кишилерди барымтага алуу боюнча айыпталууда.

7-августта кечинде Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин жактоочулары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес. 8-августта укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

315
Белгилер:
УКМК, Кой-Таш, сот, Бишкек, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Прокуратура: Алмазбек Атамбаев Батукаевдин иши менен таанышып бүттү
Курсан Асановго карата дагы бир кылмыш иши козголду
Белоруссияда президенттик шайлоосунда добуш берип жаткан адам

Караандатпай кетти. Белоруссияда президенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты

177
(жаңыланган 13:11 10.08.2020)
Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо өттү деп кечээ түшкө чейин эле тааныды.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Белоруссиядагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен учурдагы президент Александр Лукашенко атаандаштарын жеңип чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Александр Лукашенко — 80,23 пайыз, Светлана Тихановская — 9,90 пайыз, Анна Канопацкая — 1,68 пайыз, Сергей Черечень — 1,13 пайыз, Андрей Дмитриев 1,04 пайыз добушка ээ болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Добуш берүүгө жалпысынан шайлоочулардын 84,23 пайызы катышкан. 6,02 пайыз киши талапкерлердин баарына каршы экенин билдиришкен.

Минскиде президенттик шайлоодон кийин митингге чыккандар тарады

Эске салсак, кечээ Белоруссияда мамлекет башчыны тандашты. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоо өттү деп түшкө чейин эле тааныды. Алардын маалыматында, жергиликтүү убакыт боюнча 12:00гө карата шайлоочулардын 54 пайызы болочоктогу мамлекет башчыга добуш берген.

Президент аталган өлкөдө беш жылдык мөөнөткө шайланат. Бул сапар өлкө жетекчиси болгон адам 2025-жылга чейин бийлик башында турмакчы. Бул эгемендүүлүк алгандан тарта Белоруссияда өткөн президенттик алтынчы шайлоо.

 

177
Белгилер:
Александр Лукашенко, жыйынтык, шайлоо, Белоруссия
Тема боюнча
Президенттик шайлоодон соң Минскидеги акциянын катышуучуларын кууп таратуу. Баяндама
Минск: ОМОН жоокерлери менен митингчилердин кагылышкан учуру. Видео
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив

КРдин мурунку жарандары менен алардын балдарына өзгөчө укуктар берилди. Жаңы мыйзам

68
(жаңыланган 11:55 10.08.2020)
Мыйзамдын максаты — мурда Кыргызстандын жарандыгында турган чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда болуусуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүү.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештердин укугу боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. Документке президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 11-июнунда кабыл алынган.

"Мыйзамдын максаты мурда Кыргызстандын жарандыгында турган чет өлкөлүктөргө Кыргызстанда болуусуна, эмгектик укуктарына, мамлекеттик чек арадан өтүүсүнө, билим алуусуна жана дарылануусуна өзгөчө укуктарды, артыкчылыктарды берүү болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын санкциясын эске алып. Кыргызстанда жаңы паспорт кантип жасалууда

"Чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештин статусу" деген түшүнүк киргизилүүдө, башкача айтканда, мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар "мекендеш" макамын алууга укуктуу. Ал төмөнкү адамдарга ыйгарылышы мүмкүн:

  • мурда КР граждандыгында турган чет өлкөлүктүн балдары же неберелерине;
  • мурда КР жараны болбой, кийин жарандык алган адамдардын балдарына жана неберелерине;
  • Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк граждандарга, ошондой эле алардын балдарына жана неберелерине;

Баса, мекендеш макамы Кыргызстан менен чектеш мамлекеттердин граждандарына ыйгарылбайт.

Мекендеш макамындагы жарандарга берилчү артыкчылыктар:

  • чет өлкөнүн граждандыгы бар мекендештер визасыз эле өлкөгө кире алат;
  • эмгек визасын, жумушка уруксат албастан ишканаларда, мекеме-уюмдарда иштөөгө же башка эмгектин түрү менен алектенүүгө укуктуу;
  • мыйзамдарда каралган, саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн КР граждандары менен бирдей шарттарына укуктуу;
  • эгерде чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун алган чет өлкөлүк жаран айыл чарба жерлеринин мураскери болуп саналса, ал жер участогуна карата укугу пайда болгон учурдан тартып он жылдын ичинде аны КР жаранына берүүгө милдеттүү.
68
Белгилер:
мыйзам, укук, макам, жаран, Кыргызстан
Тема боюнча
Президент "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзамга кол койгон жок. Себеби
Аэропорттогу учак. Архивдик сүрөт

Эл аралык каттамдар жанданууда. Эми кыргызстандыктар сыртка чыга алабы?

0
(жаңыланган 13:48 10.08.2020)
Эске салсак, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялап, көп өтпөй Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Эл аралык аба каттамдары жандана баштаганына байланыштуу өкмөт кыргызстандыктардын чек арадан чыгуусуна уруксат берген буйрукту иштеп чыгууда. Бул тууралуу брифинг учурунда Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев айтты.

Ага модератор учурда кыргыз жарандары кандай негизде сыртка чыга алат деген суроо берген.

Кыргызстандан Россияга кетчү каттамдар. Күнү жана шарты

Акышевдин айтымында, ушул тапта Кыргызстандын жарандыгы бар адамдарга сыртка чыгууга уруксат берген документ жок.

"20-марттан тарта өкмөттүн чечими менен мамлекеттик чек ара жабылган. Демек, биздин жарандар сыртка чыга албайт. Эми каттамдар жандана баштаганына байланыштуу өкмөт ал чечимине өзгөрүүлөрдү киргизип жатат. Жакында даяр болот", — деди Акышев.

Эске салсак, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялап, көп өтпөй Кыргызстан чек арасын жаап, каттамдар токтогон. Андан бери Кыргызстанга чертердик, жүк ташуучу жана гуманитардык рейстер гана каттап жатат.

Ал эми сыртка дипломаттар, мамлекеттик делегация жана чет элдик үй-бүлө мүчөсү бар айрым кишилер гана чыгарылып жаткан.

0
Белгилер:
укук, жаран, чек ара, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстан Түркия менен туруктуу аба каттамдарын жандантты
Дубай — Бишкек — Дубай каттамы жума сайын уча баштайт