https://sputnik.kg/20191001/ajdarbekov-vashington-ishkerler-menen-zholuktu-1045847085.html
Министр Айдарбеков Вашингтондо АКШлык ишкерлер менен жолукту
Министр Айдарбеков Вашингтондо АКШлык ишкерлер менен жолукту
Sputnik Кыргызстан
Министр иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстанда бизнес жүргүзүү, чет өлкөлүк инвесторлордун иштөөсүнө жагымдуу шарт түзүү үчүн өлкө жетекчилиги тарабынан... 01.10.2019, Sputnik Кыргызстан
2019-10-01T10:55+0600
2019-10-01T10:55+0600
2021-12-22T23:14+0600
https://sputnik.kg/img/104158/11/1041581137_0:90:4199:2465_1920x0_80_0_0_0dc91bc0210c2aeb906d8b1347204898.jpg
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2019
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104158/11/1041581137_0:0:4199:2639_1920x0_80_0_0_f1a67359956e69581fa088eab89959ce.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, акш, чыңгыз айдарбеков, экономика
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, акш, чыңгыз айдарбеков, экономика
Министр Айдарбеков Вашингтондо АКШлык ишкерлер менен жолукту
10:55 01.10.2019 (Жаңыртылды: 23:14 22.12.2021) Министр иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстанда бизнес жүргүзүү, чет өлкөлүк инвесторлордун иштөөсүнө жагымдуу шарт түзүү үчүн өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берди.
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков америкалык ири компаниялардын өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык, экономикалык, экспорттук жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди. Министр алар менен Вашингтон шаарында өткөн Кыргызстан менен АКШнын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү маселелери боюнча тегерек столдо жолугушту.
ТИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, Айдарбеков иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстанда бизнес жүргүзүү, чет өлкөлүк инвесторлордун иштөөсүнө жагымдуу шарттарды түзүү үчүн өлкө жетекчилиги тарабынан көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу маалымат берген.
Тараптар Кыргызстан менен кызматташууну өнүктүрүүнүн конкреттүү жолдору тууралуу пикир алмашты.
Мындан тышкары, Борбордук Азия регионунун экономикалык дараметин өнүктүрүү, ошондой эле соода-экономикалык, туристтик, билим берүү жана маданий чөйрөлөрдө америкалык компаниялар менен кызматташуу маселелери талкууланды.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин
Telegram-каналга жазылыңыз.