Ереванда ЕАЭБ башчыларынын жыйыны башталды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденты стран участников ЕАЭС на заседании Высшего Евразийского экономического совета
Президенты стран участников ЕАЭС на заседании Высшего Евразийского экономического совета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйын Арменияда өтүп жатат. Анда 16га чукул маселе каралары күтүлүүдө. Иш-чаранын соңунда катышуучулар жыйынтыктоочу документке кол коюшат.

ЕРЕВАН, 1-окт. — Sputnik. Ереванда Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Иш-чарага Армениянын премьер-министри Никола Пашинян, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Россиянын лидери Владимир Путин катышууда.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Ереван шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынынын алкагында Молдованын президенти Игорь Додон менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Молдованын президентин Кыргызстанга чакырды
Мамлекет башчылары тар чөйрөдө үч маселени карайт. Андан соң кеңири форматтагы жыйын өтөт. Анын алкагында 13 маселени кароо пландалууда. Жолугушуулардын соңунда жыйынтыктоочу документтерге кол коюлат. Ошондой эле Сингапур менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосунда эркин соода зонасын түзүү боюнча келишимге кол коюу күтүлүүдө.

Саммиттин алкагында "Евразия континентинин транзиттик потенциалы" аттуу эл аралык форуму өтөт. Ага Кыргызстандын ишкерлери катышат.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0