БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өзбекстан менен Түркмөнстан чек араны демаркациялоо боюнча документ даярдады. Эми ал парламенттер аралык комиссиянын жыйынында макулдашылышы керек. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Ага ылайык, Каракалпакстан Республикасынын борбору Нукус шаарында эки мамлекеттин чек ара боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы жыйынга чогулган.
"Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар демаркация боюнча нормативдик-укуктук жана техникалык документтерди иретке келтирип, аны өзбек-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясына алып чыгуу макулдашылды", — деп айтылат маалыматта.
Мындай маселе Кыргызстанда да бар. Кытай жана Казакстан менен чек арасы толугу менен такталып бүтсө, Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон чек аранын айрым такталбаган тилкелери бар. Мындан улам чектеш жашаган эки элдин ортосунда пикир келишпестиктер болуп келет.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.