Уран казууга каршы мыйзам долбоору. Кыргызстан эл аралык сотто утулушу мүмкүнбү

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын айтмында, уран кенин чалгындоого алты лицензия берилген. ЖКнын тармактык комитети Кыргызстанда уран жана торий кендерин казууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун карады. Ал экинчи окууга киргизилет.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Эгер уран кенин иштетүүгө уруксат алган компаниялар эл аралык сотторго кайрылса, Кыргызстан утулуп калышы ыктымал деген чочулоо бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Мырза Жаманбаев тармактык комитеттин жыйында айтты.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов
 - Sputnik Кыргызстан
Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек
Парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети өз жыйынында Кыргызстанда уран жана торий кендерин казууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун карады. Ал экинчи окууга киргизилет.

Мыйзам долбоору боюнча Кыргызстанда уран жана торий кендерин казууга тыюу салынат.

Авторлордун бири Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басарынын айткандары суу кечпей турганын билдирди. Депутат чалгындоо үчүн гана лицензия алган компаниялар кантип утуп ала турганын сурап, Жаманбаевди ишти жакшы билбейт деп сынга алды.

"Алты лицензия чалгындоого берилген экен. Ошон үчүн бизди утуп алабы? Улуттук ар-намыс болушу керек. Бул чыккынчылык десем капа болобуз. Бул билбестик", — деди депутат.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети мыйзам долбоорун жактырып, экинчи окууга алып чыгууну колдоду.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0