Ашхабаддагы мамлекет башчыларынын жыйынында кол коюлган документтер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевОчередное заседание Совета глав государств СНГ в Ашхабаде
Очередное заседание Совета глав государств СНГ в Ашхабаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кезектеги жыйында шериктештик алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Анын ичинде стратегиялык экономикалык кызматташуу тууралуу декларациянын долбоору боюнча кеп болду.

БИШКЕК, 11-окт. - Sputnik. КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Эске салсак, аталган иш-чарага катышуу үчүн президент Сооронбай Жээнбеков Ашхабад шаарына (Түркмөнстан) бүгүн, 11-октябрда, учуп кеткен.

Кезектеги жыйында шериктештик алкагындагы актуалдуу маселелер талкууланды. Анын ичинде стратегиялык экономикалык кызматташуу тууралуу декларациянын долбоору боюнча кеп болду.

Кол коюлган документтер:

— 2020-жылкы Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине төрагалык жөнүндө;

Очередное заседание Совета глав государств СНГ в Ашхабаде - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков менен Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы маселени талкуулады
— Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;

— Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин стратегиялык экономикалык кызматташтыгы боюнча декларация жөнүндө;

— Совет элинин 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин башчыларынын шериктештик өлкөлөрүнүн калкына жана дүйнө коомчулугуна кайрылуусу жөнүндө;

— Эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды ишке ашырууну өткөрүп берүү тууралуу Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин конвенциясы жөнүндө;

— 2020-2022-жылдарга карата терроризм жана экстремизмдин башка зомбулук көрүнүштөрү менен күрөшүүдө Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышкан мамлекеттердин кызматташуусу боюнча программасы жөнүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0