Эки ирет Атамбаевдин каарына калып... Кашкар Жунушалиев тууралуу 7 факты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял министра внутренних дел Кашкара Джунушалиева
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра внутренних дел Кашкара Джунушалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев аталган кызматка дайындалганга чейин Бишкек ШИИБин башкарып келген. 13-октябрь күнү борбор калаанын милициясын башкаруу вазийпасы жүктөлгөнүнө беш жыл толду. Эки жылдан кийин Жунушалиев министр болгон.

Жакында эле коомчулук министр Жунушалиевдин отставкасын талап кылып чыкты. Бирок ага каршы туруп, өлкөнүн башкы милиционерин коргоп чыккандар да болгон. Кыргызстандыктардын талашына анын орун басары Курсан Асановдун жумуштан бошотулушунун мыйзамдуулугу түшкөн. Эскерте кетсек, Асанов Алмазбек Атамбаевди багынып берүүгө көндүргөн эле.

Sputnik Кыргызстан окурмандарга укук коргоо мекемесинин жетекчиси эмнеси менен элдин жадында экенин карап көрдү.

Сыйлыктары

Кашкар Жунушалиев II даражадагы "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы менен сыйланган. Бирок бул сыйлык качан, ким тарабынан берилгени тууралуу маалымат эч жерде жок.

Айсулуу Жунушалиева, курал жана кылмыш иши

Кашкар Жунушалиевге 2011-жылы, ИИМ башчысынын орун басары болуп турган кезинде, өз кызы Айсулуу Жунушалиевага курал сатууга мыйзамсыз лицензия бергендиги үчүн кылмыш иши козголгон. Кызы "Международный Центр Логик" (“Логик эл аралык борбору”) ЖЧКсын жетектеген. 

© Фото / пресс-служба МВД КРКашкар Жунушалиев II даражадагы "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы менен сыйланган. Бирок бул сыйлык качан, ким тарабынан берилгени тууралуу маалымат эч жерде жок
Эки ирет Атамбаевдин каарына калып... Кашкар Жунушалиев тууралуу 7 факты - Sputnik Кыргызстан
Кашкар Жунушалиев II даражадагы "Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн" медалы менен сыйланган. Бирок бул сыйлык качан, ким тарабынан берилгени тууралуу маалымат эч жерде жок

2011-жылдын 10-февралында “жарандык, кызматтык курал жана аларга ок-дары сатуу” менен алектенүүгө, ошондой эле “пиротехникалык каражат жана буюмдарды ташып келүү, сатууга” лицензияларына тийиштүү арыз тапшырылбастан, мамлекеттик төлөмсүз, ЖЧКнын ишмердигинин шарттары белгиленген талаптарга аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун ишмердигинин шайкештиги боюнча эксперттик корутунду сурабастан кол койгону аныкталган.

Министр внутренних дел КР Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Жунушалиевди колдогон Instagram баракчасы "жоголуп" кетти
Ошол убакта министрлер кабинетин жетектеген Өмүрбек Бабанов Жунушалиевди тергөө аяктаганча кызматынан убактылуу четтеткен. Бул ишти баш калаанын Биринчи Май райондук соту бир нече ай караган. Сот Адылбек Субанкулов “жагдайдын өзгөрүшүнөн улам” кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу менен ишти токтоткон. Кийин Бишкек шаардык соту бул токтомду жокко чыгарып, милиционердин аракеттеринде кылмыш курамы болбогондугуна байланыштуу ишти токтоткон.

2016-жылдын 31-майында Кашкар Жунушалиев “кызы лицензияны февралда алганын, ал эми апрелде соода жайы ижарага берилгенин, дүкөн иштебей, бир да курал сатылбаганын, мамлекетке жана калкка зыян келтирилбегендигине байланыштуу бардык соттук инстанцияларда иш токтотулганын” билдирген.

Атамбаев Грузиянын президентинин көзүнчө Жунушалиевге эскертүү берген

2016-жылдын октябрында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Грузияга мамлекеттик сапары менен барган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин ал Грузиянын мамлекет башчысы Георгий Маргвелашвили менен бирге министрлер жана ЖМК өкүлдөрүнүн алдында сөз сүйлөшкөн. Залда ошол убактагы ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиев да отурган. Атамбаев башкы милиционерди сынга алып, тажрыйба топтоого кеңеш берген.

"Бүгүн мен биздин ички иштер министрибизге эскертүү бердим, беш жыл ичиндеги үчүнчү министр, бирок Кыргызстанда дагы деле бир министрликтин иши оңоло элек. Бир жыл убакыт берем, урматтуу Кашкар Жунушалиев, генерал, бирок ИИМдеги аткаминерлер башка структурадагыларга караганда эси жогураак деп ойлобойм. Үйрөнүш керек", — деген Атамбаев

Атамбаевдин экинчи ирет сындашы

2016-жылдын соңунда күч органдарына жаңы батирлердин ачкычын тапшырып жатып мурдагы президент кампалардагы курал-жарактын уурдалышы боюнча сын айтып, ИИМ жетекчисинин кесиптик жөндөмүнө күмөн жараткан. 

"Эгер Кашкар күч органдарын тазалай албаса, өзүм тазалап чыгам. “Келемиштер” ар убак, ар жерде бар. Ал тургай алар жетинчи кабаттагы президенттин бөлмөсүндө да отурушкан. Кампалардагы, ИИМди жетектеп же бөлөк структураларда отурган “келемиштердин” айынан милиционерлерибиздин эмгегин унутта калтырбоого тийишпиз", — деп сүйлөгөн Атамбаев.

Бурулайдын өлүмү боюнча кырдаал

Бурулай Турдалы кызын былтыр 27-майда ала качышат. Милиционерлер кызды ала качып баратышкан унааны Сосновкадагы посттон токтотуп, Бурулай жана эки жигитти Жайыл РИИБине жеткиришет. Кыз ошол мекеме имаратында өлтүрүлгөн.

Начальник УВД Оша Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы маянасын көрүп талып кала жаздаган. Курсан Асанов тууралуу 9 факты
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жунушалиевге Бурулайдын атасы Турдалы Кожоналиев менен жеке жолугууну 16-июлда эле тапшырган. Андан эки күн мурун Кожоналиев соттук-медициналык экспертиза органдарын паракорлукка айыптап маек курган. 24-июлда ички иштер министри өмүрү кыйылган кыздын атасы менен жолукканын, комиссия түзүлүп, жаңы тергөө тобунун курамы бекитилгенин журналисттерге билдирген.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Бурулайдын атасына бул туурасында кайрылганда, ал киши министрдин жолугушуу боюнча айткандарын төгүндөгөн. Кийин Жунушалиев Кожоналиев менен орун басары жолукканын айтып актанган.

"Премьер-министр мага Кожоналиев менен жолугушууну табыштаганда иш сапарда элем. Кайтканымда аны жолугушууга чакырдым, жактоочусу же бош эмеспи, же башка себептерденби, айтор баш тарткан", — деген министр.

Бурулайдын атасы Sputnik Кыргызстандын кабарчысына: "Мени бир жолу чакырышты. Жактоочу менен бирге барайын дегем, бирок ал ошол күнү бош эмес экен. Андан кийин чакырышкан эмес, бирок министр менен жолугушуудан эч качан баш тарткан эмесмин", — деп билдирген Кожоналиев.

"Кыздын милиционер тарабынан зордукталганын жашырып деле коймокпуз"

2019-жылдын 5-февралындагы маалымат жыйынында Кашкар Жунушалиев мекеме кылмышка шектелген милиционерлердин кармалышы тууралуу элге жарыялабай деле кое алмактыгын айткан.

Министр январдагы эки окуяны — пара менен колго түшкөн милиционер жана укук коргоо органдарынын мурдагы өкүлүнүн, ошондой эле борбор шаардын Свердлов РИИБ кызматкеринин зордуктоо фактысы менен кармалышын эске салган.

"Свердлов РИИБ кызматкери кыз зордуктайт... Эгер милиция аны кармап, элге ачык айтпаганда сиздер билбей деле калмаксыздар. Биз андайга барбайбыз. Кызматкерлердин пара менен кармалганын жаздыңыздар. Ооба, кармадык. Бул — Ички иликтөө кызматынын ишинин жыйынтыгы. Эгер биз кармабасак, ачык жарыялабай жашырсак, катарыбызды тазалоо аракетибиз текке кетмек. Биз эч нерсе жашырган жокпуз", — деп билдирген министр.

ИИМ ардагерлери Жунушалиевди коргоп чыккан

Гарнизонный развод-инструктаж столичной милиции на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Кантта инспекторлордон качкан айдоочу ок жеп жаракат алды
2019-жылдын сентябрь айында социалдык тармактын колдонуучулары Кашкар Жунушалиевдин отставкасын талап кыла башташкан. Ошол маалда "Вечерний Бишкек" интернет басылмасына өзүн запастагы полковник деп тааныштырган Эмил Базаркулов баштаган ардагерлердин тобу кайрылган. Алар Жунушалиевди коргоп, анын өз ишин мыкты билгендигин айтып, ИИМди башкарышы керек дешкен. Базаркуловдун айтымында, азырынча Кыргызстанда Жунушалиевди алмаштыра ала турган адам жок.

Кашкар Жунушалиевдин өмүр баяны менен да таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0