Президент Сооронбай Жээнбеков Бакуга учту. Чогуу кеткендердин тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелер, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) жетинчи жыйынына катышуу үчүн Азербайжандын Баку шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кезектеги жыйында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелер, анын ичинде маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Президент Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков Синдзо Абэге көңүл айтты
Белгилей кетсек, ТТМККга төрагалык кылуу Кыргызстандан Азербайжанга өтөт. Президент Сооронбай Жээнбеков иш-чаранын алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Кыргызстандын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева жана маданият, маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0