Жээнбеков менен Назарбаев Бакунун аэропортунан жолукту

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен Бакудан жолукту
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен Бакудан жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак кошуналык мамилени орнотууда Нурсултан Назарбаевдин салымын белгиледи.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен Бакудан жолукту.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен Бакудан жолукту
Жээнбеков менен Назарбаев Бакунун аэропортунан жолукту - Sputnik Кыргызстан
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев менен Бакудан жолукту

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришкендей, өлкө башчылары Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортуна келери менен жолугушкан. Азербайжандын борборунда 15-октябрда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) жетинчи жыйыны өтөт.

Жээнбеков менен Назарбаев эки тараптуу кызматташтык боюнча пикир алышты.

Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года  - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков алты өлкөгө элчи дайындады
Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевди Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени менен сыйланганын куттуктады. Орденди тапшыруу эртең, 15-октябрда, ТТМКК жыйынында болот.

Жээнбеков Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, союздаштыкты жана ынак кошуналык мамилени орнотууда Нурсултан Назарбаевдин салымын белгиледи.

Нурсултан Назарбаев болсо кайрадан жолуккандарына кубанычта экенин айтып, мамлекет башчыларынын кызматташууну жана ынак кошуналык мамилелерди тереңдетүүгө багытталган бардык аракеттерин колдой турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0