Жээнбеков эки күн Жалал-Абад облусунда болот. Кезектеги иш сапар

Жазылуу
Президент Токтогул районунун жашоочулары менен жолугуп, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышат.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, эртең Жалал-Абад облусунда иш сапар менен болот. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жээнбеков Токтогул району менен Кара-Көл шаарында экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат", — деп айтылган маалыматта.

Токтогул районунун жашоочулары менен жолугуп, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышмакчы.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0