Президент Сооронбай Жээнбеков Японияга учуп кетти

Жазылуу
Сооронбай Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышып, андан соң ал өлкөдө жашаган мекендештер менен жолугат.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-октябрда, иш сапары менен Японияга учуп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жээнбековдун Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышаары кабарланды.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган.

Мындан тышкары, президент Япониянын ири корпорацияларынын жетекчилери жана күн чыгыш өлкөсүндө жашаган мекендештер менен жолугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0