Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив

Криминалга эмес, милицияга кайрылгыла! Абылгазиев ишкерлерге кеңеш берди

496
4-октябрда жоголгон ишкер Хуфур Абдурахемандын сөөгү эки аптадан соң Кочкор районунда кан жолдон 150 метр ары жерге көмүлгөнүн милиция аныктаган.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Жергиликтүү жана чет элдик ишкерлерди мыйзамды карманууга, маселе жаралса өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбей, милицияга кайрылууга чакырам. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кеңешмеде айтты.

"Иликтөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка кылмыштын майда-баратына чейин маалымат бергиле. Муну менен катар тийиштүү органдар ишкерлерге каршы жасалган кылмыштарды алдын алуу үчүн профилактикалык иштерди жүргүзсүн", — деди өкмөт башчы.

Абылгазиев жарандар ишкерлик менен эркин алектенүүсү үчүн мамлекет аларды коргоону өзүнүн маанилүү милдеттеринин бири катары көрөрүн кошумчалады.

Эске салсак, ишкер Абдурахеман өткөн жумада жоголгон. Ал 4-октябрда саат 18:00дөр чамасында "Мадина" базарынан BMW X5 автоунаасы менен чыгып, белгисиз тарапка кеткен. Дээрлик эки аптадан соң анын сөөгү Кочкор районунда кан жолдон 150 метр ары жерге көмүлгөнүн милиция аныктаган. Адам өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалып, күбөлөр да сурак берген. Кармалгандардын экөө укук коргоо органдарында мурда иштеп кеткен. Алардын бирөө адам өлтүрүүнү уюштурган деп шектелүүдө. Алдын ала берилген маалымат боюнча, маркум ишкердин "Мадина" базарында бизнеси болгон.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
496
Белгилер:
криминал, мыйзам, өлүм, ишкер, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема боюнча
Жоголуп кеткен бишкектик ишкердин сөөгү табылып, шектүүлөр кармалды. Сүрөт
Кишинин колунда гүлдөр жана күйүп турган шам. Архив

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жалгап Казакбаев дүйнө салды

0
(жаңыланган 14:51 05.07.2020)
Казакбаев Кара-Балта шаардык, Чүй облустук кеңештерине жана 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жалгап Казакбаев узак убакытка созулган оорудан улам 71 жашында каза болду. Бул маалыматты Кара-Балта шаар мэриясы тастыктады.

Маркумду жерге берүү зыйнаты эртең, 6-июлда, Кара-Балта шаарында өтөт.

Канат Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жашында көз жумду

Жалгап Казакбаев 1949-жылы 1-январда Чүй облусунун Панфилов районундагы Тельман айылында туулган. 1972-жылы Фрунзедеги политехникалык университеттин механика факультетин аяктап, "Сетунь" заводунда эмгек жолун баштаган. Кара-Балта тоо-кен комбинатында (КТКК) директор болуп иштеген. Кара-Балта шаардык жана Чүй облустук кеңешине депутат болгон.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

0
Белгилер:
депутат, жерге берүү, каза болду
Тема боюнча
Ырчы Болот Тасмаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Ырчы Канье Уэст. Архив

Ырчы Канье Уэст АКШ президенттигине ат салышарын жар салды

92
(жаңыланган 13:59 05.07.2020)
Ырчы мурда Трамптын активдүү тарапташы катары белгилүү эле, аны менен бир нече ирет жолуккан. Кийинчерээк аны саясый максаттарга колдонушканын билдирген.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Америкалык ырчы Канье Уэст АКШда өтчү президенттик шайлоого катышарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Биз эми Кудайга ишеним артып Американын үмүтүн ишке ашырып, бир максатта келечегибизди түзүшүбүз керек. Мен АКШнын президенттигине ат салышам", — деп жазган Уэст Twitter баракчасына.

Учурда музыканттын  президенттикке талапкерлигин кайсы жылы коеру белгисиз. Бирок ал өз билдирүүсүнө #2020VISION деген хэштег калтырган.

Канье Уэстти Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск: "Мен сени толугу менен колдойм",— деп ырчынын билдирүүсүнүн алдына жооп кайтарган.

Бышып калат го... Ким Кардашьяндын костюм кие албай кыйналган видеосу

Уэст мындай пикирин биринчи жолу билдирип жаткан жок. Буга чейин ал 2024-жылдагы шайлоодо президенттикке ат салышарын айткан.

Ырчы мурда Трамптын активдүү тарапташы катары белгилүү эле, аны менен бир нече ирет жолуккан. Кийинчерээк аны саясый максаттарга колдонушканын билдирген.

Канье Уэст — америкалык хип-хоп аткаруучу, рэпер, продюсер, композитор жана дизайнер. Актриса жана фотомодель Ким Кардашьяндын күйөөсү. 1990-жылдардын аягы, 2000-жылдары Jay-Z, Ludacris, "Талиб Квели" жана "Алиша Киз" аталышындагы хит ырлардын жаратуучуларынын бири.

92
Белгилер:
шайлоо, президент, Канье Уэст, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
АКШдагы телеканал Кардашьяндын күйөөсү Трампты мактаган жерин эфирден кесип салды
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтар менен жыйын өткөргөн

Ош шаарында оорукана катары 500дөн ашуун орун даярдалып жатат. Сүрөт

0
(жаңыланган 17:16 05.07.2020)
Мэриянын айтымында, шаардагы окуу жайдын жатаканасы менен эки мейманканада бейтаптар үчүн убактылуу орундар болот. Бир спорт комплекси күндүзгү стационар катары даярдалып жатат.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Ош шаарында пневмония менен коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500дөн ашуун орун даярдалып жатат. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

  • В Оше готовится более 500 дополнительных коек для лечения пневмонии и коронавирусной инфекции. Об этом сообщил сегодня 5 июля мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на заседании Штаба Гражданской защиты с участием руководителей соответствующих служб и ведомств.
    Ош шаарында пневмония менен коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500дөн ашуун орун даярдалып жатат
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • В Оше готовится более 500 дополнительных коек для лечения пневмонии и коронавирусной инфекции. Об этом сообщил сегодня 5 июля мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на заседании Штаба Гражданской защиты с участием руководителей соответствующих служб и ведомств.
    Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • В Оше готовится более 500 дополнительных коек для лечения пневмонии и коронавирусной инфекции. Об этом сообщил сегодня 5 июля мэр Оша Таалайбек Сарыбашов на заседании Штаба Гражданской защиты с участием руководителей соответствующих служб и ведомств.
    Ага ылайык, бүгүн, 5-июлда, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтар менен жыйын өткөргөн
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 3
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарында пневмония менен коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500дөн ашуун орун даярдалып жатат

Ага ылайык, бүгүн, 5-июлда, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтар менен жыйын өткөргөн.

"Биз ар кандай абалга даяр болушубуз керек. Жабык имараттарда оор абалдагы бейтаптар үчүн орун даярдалсын. Жеңил жана орто абалдагыларга өзүнчө стационар борборлорун даярдагыла. Ал борбордон капельница сайдырып, дарыгерлерден жардам алышат", — деген шаар башчысы.

Мэриянын маалымат кызматы тактагандай, шаардагы окуу жайдын жатаканасы менен эки мейманканада бейтаптар үчүн убактылуу орундар болот. Бир спорт комплекси күндүзгү стационар катары даярдалып жатат.

Чүйдө беш жүздөн ашык киши жата турган дагы 21 стационар ачылды

Жыйында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жетекчиси Кыялбек Ташболотов менен санитардык-эпидемиологиялык станциянын башчысы Санталат Орозбаева шаарда абал оорлошуп жаткандыгын билдиришкен. Алар кычкылтек концентратору менен ИВЛ аппараттарын көбөйтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканына токтолушкан.

Мэр дарыгерлердин резервин түзүүгө жана жеке медициналык клиникаларды дагы СОVID-19 инфекциясы менен күрөшүүгө жардам берүүгө чакырган. Ошондой эле мобилдик бригадалар жана колл-борборлордун чыгымдарына көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилген.

0
Белгилер:
орун, коронавирус, пневмония, стационар, мэрия, Ош шаары
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Пневмония же грипптин жеңил түрүнө кабылгандар кайрылчу стационарлардын иш тартиби
Бишкекте күндүзгү стационарлар бейтаптарды кабыл алып баштады. Видео