Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кеңешме учурунда

Премьер-министр ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кеңешме өткөрдү

202
(жаңыланган 10:30 22.10.2019)
4-октябрда жоголуп, кийин сөөгү табылган ишкердин өлүмүнө шектүү катары төрт киши кармалган. Алардын экөө укук коргоо органдарында мурда иштеп кеткен.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмүнө тиешелүү бардык күнөөлүүлөрдү табууну жана башка ишкерлерди криминалдан коргоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Абылгазиев бүгүн, 21-октябрда, шаардык ишкердин өлүмү боюнча кеңешме өткөрдү.

"Акыркы окуялар укук коргоо органдары ишкерликти колдоо боюнча тереңдетилген иштерди аткарууга тийиш экендигин даана көрсөтүп турат. Бул өлкө экономикасы үчүн өкмөттүн бизнести коргоо боюнча демилгелеринен кем калбаган мааниге ээ", — деди Абылгазиев.

Жыйындын жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "ички иштер органдары тарабынан бардык тиешелүү ыкчам-издөө чаралары көрүлүп, күбөлөр суралды. Натыйжада сегиз шектүү кармалып, тергөө абагына киргизилген" деп билдирди.

Жунушалиев белгилегендей, издөө иш-чараларында "Коопсуз шаар" долбоорунун техникалык мүмкүнчүлүгү маанилүү роль ойногон.

"Коопсуз шаар" адам уурдоо, өлтүрүүгө шектүү жарандардын изин табууга гана эмес, тергөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды дагы топтоого шарт түздү", — деди министр.

Эске салсак, ишкер Абдурахеман 4-октябрда саат 18:00дөр чамасында "Мадина" базарынан BMW X5 автоунаасы менен чыгып, белгисиз тарапка кеткен. Дээрлик эки аптадан соң анын сөөгү Кочкор районунда кан жолдон 150 метр ары жерге көмүлгөнүн милиция аныктаган. Адам өлтүрүүгө шектүү катары төрт киши кармалып, күбөлөр да сурак берген. Кармалгандардын экөө укук коргоо органдарында мурда иштеп кеткен. Алардын бирөө адам өлтүрүүнү уюштурган деп шектелүүдө. Алдын ала берилген маалымат боюнча, маркум ишкердин "Мадина" базарында бизнеси болгон.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
202
Белгилер:
мыйзам, ишкердик, Мухаммедкалый Абылгазиев
Тема боюнча
Жоголуп кеткен бишкектик ишкердин сөөгү табылып, шектүүлөр кармалды. Сүрөт
УКМКнын имараты. Архив

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев бошотулат деген кептерге жооп кайтарды

115
(жаңыланган 14:15 27.10.2020)
Буга чейин отставкага кеткен Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигине келген жаңы жетекчиликти сындаган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин маалыматы чындыкка дал келбейт. Бийлик криминал, коррупция менен күрөштү дагы да күчөтөт. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин отставкага кеткен Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, кыргыз бийлигине келген жаңы жетекчиликти сындаган. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаев бүгүн же эртең абактан бошотулушу ыктымал деп айткан.

"Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Дүйшөбаевдин "бийлик уюшкан кылмыштуу топ менен сүйлөшүп алган" деген маалыматы чындыкка дал келбейт. УКМК коррупция жана криминалдар менен активдүү күрөшүп жатат. Бардык иш-аракеттер мыйзам чегинде жүрүүдө. Мамлекеттик органдардагы коррупциялык схемаларды демонтаж кылуу, криминалдарды жок кылуу боюнча иштер уланып жатат", — деп айтылат билдирмеде.

Эске салсак, экс-президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетип жатып 15-октябрда Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындаган.

Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео

Камчы Көлбаев Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү менен ("Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу") ушул жылдын 22-октябрында Бишкектен кармалган. Биринчи май райондук соту баш коргоо чарасын тандап, иш тергелип бүткөнгө чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген.

115
Белгилер:
маалымат, күрөш, криминал, коррупция, УКМК
Тема:
Камчы Көлбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМКнын тергөө абагына киргизилди
Камчы Көлбаев камакка алынды
Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив

Жең ичиндеги көзүр: Кытай АКШнын мамлекеттик карызын арзан сатууга даяр

58
Вашингтон кытайлык иштелмелерди улуттук коопсуздукка коркунуч катары бөгөттөгөнчө, Кытай америкалык мамлекеттик облигациялардын триллиондук портфелин арзандатып сатуу менен доллардын курсун да, баалуу кагаздардын рыногун да кыйратып кое алат.

Бул бүтүндөй дүйнөлүк экономика үчүн өтө кооптуу сценарий. Пекин кадамын канчалык ыраак таштай аларына сереп салган Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости агенттигинин сайтына жарыяланган.

Технологиялык согуш

Январда дүйнөнүн эки ири экономикасы соода согушун бүтүрүүгө маанилүү кадам жасаган: сооданы акырындап калыбына келтирүүгө багытталган биринчи фаза боюнча келишимге кол койгон. Бирок COVID-19 пандемиясы баарын бузду.

Трамп менен Путинден "октябрдык күтүүсүз белек"

Вашингтондогулар Пекинди коронавирустун таралышына айыптап, акчалай компенсация талап кылды. Аны менен чектелип калбастан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан чыкканын жарыялап, аны Кытайдын ишин кубаттоодо деп зекиген.

АКШдагы президенттик шайлоонун жакындашы менен чыңалуу улам күч алууда. Трамп кытайлык компаниялардын америкалык экономикага "келтирген зыяны" жөнүндө кайрадан эстеди. Анын оюнда кытайлыктар өндүрүштү өздөрүнө "тартып", технологиялык сырларын уурдап алган имиш.

Августта Вашингтон Пекинге интернет жана социалдык медиа аркылуу шайлоого кийлигишүүдө деген кине таккан. Кытайлык TikTok Кошмо Штаттардын жетекчилигинин каарына калган. Ага тыюу салуу керек, болбосо КЭР бул сервистен пайдаланган америкалык жарандардын жеке маалыматтарын ала баштаарын билдиришет Ак үйдөгүлөр.

TikTok сервисинин ээсин — кытайлык ByteDance компаниясын бул бизнести америкалык компанияларга сатууга мажбурлап жатышат. 12-ноябрга дейре бул ишке ашырылышы керек. Антпесе, Трамп сервиске бөгөт коерун айтып опузалаган.

Пекин буга эмне деп жооп берери али белгисиз. Эксперттер кытай бийлигинин TikTok сервисин коргоп калууга жүйөлөрү деле жок, анткени аны "зыяндуу", "адепсиз контентти" жайылтууда, "социализм баалуулуктарына" шайкеш келбейт, кытай жаштарын жаман жолго салууда деп эсептешет.

Бирок Вашингтон Huawei — ири кытай технологиялык компаниясын да кысымга алууда.

Пекин "улуттук коопсуздукка коркунуч" туудурушу ыктымал деген чет өлкөлүк компанияларга стратегиялык материалдарды жана технологияларды экспорттоого тыюу саларын айткан.

"Ачык каалганы каккылоо". Москва АКШны жаза таюудан сак болууга чакырды

Олуттуу сүйлөшүү

Аны менен катар эле Пекиндегилер КЭРдин колунда андан да олуттуу рычагы бар экенин эскертти. Кеп АКШнын триллион долларлык мамлекеттик облигациялары туурасында. АКШ менен болгон соода тирешинен улам Кытай пландуу негизде бул кагаздардан арылып келген.

1,32 триллион долларлык чегинен 2014-жылдын ноябрында америкалык мамлекеттик карызга инвестициялар 200 миллиарддан ашуун каражатка азайган. Жыйынтыгында 2019-жылдын июнь айында трежеристин чет өлкөлүк ээлеринин лидерлиги Японияга өткөн: Токионун колунда 1,12 триллиондук облигация бар.

Америка Каржы министрлигинин соңку отчету көрсөткөндөй, сентбярдын ортосуна карата кытай портфели 1,08 триллионго кыскарган. Жылдын биринчи жарымында Пекин трежеристи 106 миллиардга түшүргөн — бул сатуунун 2015-жылдан берки эң ыкчам ыргагы.

Бирок кеп экономикалык тиреште гана эмес. Кытайдын америкалык мамлекеттик карыздан кутулуу себептеринин бири — басуучу станоктун тынымсыз иштешинин кесепетинен улам доллардын нарксыздануу тобокелдиги. Карыз да өсүүдө. Сегиз ай ичинде Кошмо Штаттар 7,7 триллиондук казыналык облигацияны чыгарган, мындай көрсөткүч — рекорд. Башкача айтканда, экономикасын карыз алуу менен гана колдоодо.

Пекин Вашингтондо экономикалык көйгөйлөрдү басуучу станоктун жардамысыз чече албастыгын көрүп турат. Ошондуктан америкалык мамлекеттик карызга салым салуу кескин кооптуу экенин белгилейт кытайлык Global Times.

Ири арзандатуубу?

АКШ жана Кытай жаңжалынын ырбашы кокус америкалык экономиканын экинчи саптагы ири чет өлкөлүк насыякорунун сабыры түгөнүп, трежеристи арзан сатууга киришиши мүмкүн деген чочулоону ого бетер күчөтөт.

Мындай кадамдын кесепеттери чоң кырсыкка алып келиши ыктымал. Бул баалуу кагаздар жапырт ташталса, рынок дүрбөлөңгө түшөт. Бирок андай жол Кытайдын өзүнө пайдасыз. Биринчиден, 100-200 миллиардга облигацияларды кыска мөөнөттө сатуу алардын баасын төмөндөтөрү айкын.

Бул учурда Кытайдын өзүнүн тышкы активдери жана резерврдеринин наркы да арзандаган баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн пайда сымал эле кескин ылдыйлайт.

БУУну АКШ ыдыраткысы, Россия куткаргысы бар

Ага кошумча, доллар да кыйрайт, ал эми КЭРге мунун кажети жок. Америкалык валютанын чабалдашы кытайлык экспортту кымбаттатат. Мындан тышкары, АКШнын казыналык милдеттенмелерин таштаса, соода согушу көзөмөлдөн чыгып кете турган болсо, Пекиндин юанды тескөө мүмкүнчүлүгүн да бир далай чектейт. Акыры трежеристи сатуудан түшкөн долларларды бир жакка салуу зарыл, ал эми бул оңой-олтоң эмес.

Тек гана Кытайда көйгөй чыкпайт, бул иште эч ким "соо" калбайт. "Америкалык облигациялардын пирамидасы бузулса, демек, бүт дүйнөнү каржылык башаламандыкка кептейт. 1998 жана 2008-жылдардагы каатчылык баланын оюнундай эле болуп калат. Ошондуктан жакынкы келечекте андайга жол берилери арсар", — деп баса белгилейт Chatex криптовалюталык банкынын башчысы Майкл Росс Жонсон.

Доллар жана трежеристен баш тартуу акыркы жылдардагыдай эле баскыч-баскыч менен болушу мүмкүн. Кытайлык алдыңкы экономисттердин бири, Шанхай финансы жана экономикалык университетинин профессору Си Цзюньяндын пикиринде, жагдай кадыресе нукта кетсе Пекин АКШнын казыналык облигацияларынын портфелин болжол менен 800 миллиард долларга "акырындап кыскартат". Бирок мисалы, аскердик тиреш тутанып кете турган болсо, кооптуу вариант да ишке ашырылышы ыктымал.

Кытай АКШ баалуу кагаз коркунуч согуш маалымат карыз

58
Тема боюнча
МВФтин дүйнөнү сактап калуу аракети жакырчылык коркунучун жаратат
Сомовые и долларовые купюры в руках человека. Архивное фото

COVID кесепетинен ишсиз калгандарга жөлөк пул берүү сунушталды. Шарты

0
Демилгенин максаты — чектөөлөрдү киргизүүдөн улам жумушунан айрылган кыргызстандыктарга убактылуу колдоо көрсөтүү.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирустун кесепетинен жумушсуз калган жарандарга 900 сомдон жөлөк пул төлөө боюнча токтом долбоорун сунуштады. Аталган документ өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Демилгенин максаты — COVID-19 жайылгандыгына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминдеги чектөөлөрдөн улам ишинен айрылган кыргызстандыктарга убактылуу колдоо көрсөтүү. Учурда мындай категорияга кирген 38 500 адам катталган. Аларга жарым жыл бою ай сайын 900 сомдон чегерүү сунушталууда, буга 225 миллион сом керектелет.

"Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган "Социалдык коргоо тутуму жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-аракеттер планы" инвестициялык долбоорунун алкагында убактылуу жумушсуздук боюнча жөлөк пул төлөө сунушталууда. Ал мурда Социалдык фондго үзгүлтүксүз төгүмдөрдү төлөп келген жумушсуз жарандарга берилет. Башкача айтканда, өзгөчө кырдаал киргизилгенге чейинки 12 айдын аралыгында үч айлык камсыздандыруу төлөмүн аткарган болушу шарт", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт аз камсыз үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулуна 300 сом кошууну пландап жатат

Белгилей кетсек, мурда жумушсуздук боюнча жөлөк пулдун суммасы 300 сомду түзгөн. Ал эми 12 айлык камсыздандыруу төгүмдөрүн аткарышы керек болчу.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2019-жылдын башында өлкөдө 156,3 миң адам жумушсуз экени аныкталган, ал эми быйыл 1-сентябрга карата эсепте турган иши жок жарандардын саны 100 миң адамды түзөт.

0
Белгилер:
коронавирус, долбоорлор, токтом, сунуш, жөлөк пул, жумушсуздар