Жээнбеков япон парламентарийлеринен күтүлбөгөн белек алды

Жазылуу
Президент бүгүн Токиодо Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуудагы кызматташуу жөнүндө айтып жатып, өлкө чет элдик инвесторлор, анын ичинде япон инвесторлору үчүн да ачык экенин айткан.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Япония сапарынын алкагында Токио шаарында Гэн Накатани жетектеген "Кыргызстан-Япония" парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен жолугуп, кызматташууну талкуулады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков в рамках рабочей поездки в Японию в городе Токио встретился с членами Парламентской лиги дружбы "Кыргызстан-Япония"
Президент Сооронбай Жээнбеков Япония сапарынын алкагында Токио шаарында Гэн Накатани жетектеген Кыргызстан-Япония парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен жолугуп, кызматташууну талкуулады - Sputnik Кыргызстан
1/4
Президент Сооронбай Жээнбеков Япония сапарынын алкагында Токио шаарында Гэн Накатани жетектеген "Кыргызстан-Япония" парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен жолугуп, кызматташууну талкуулады
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков в рамках рабочей поездки в Японию в городе Токио встретился с членами Парламентской лиги дружбы "Кыргызстан-Япония"
Бул жолугушууда япон парламентарийлери Жээнбековго күтүлбөгөн белек — япон дүкөндөрүндө сатылып жаткан кыргыз балын беришкен - Sputnik Кыргызстан
2/4
Бул жолугушууда япон парламентарийлери Жээнбековго күтүлбөгөн белек — япон дүкөндөрүндө сатылып жаткан кыргыз балын беришкен
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков в рамках рабочей поездки в Японию в городе Токио встретился с членами Парламентской лиги дружбы "Кыргызстан-Япония"
Кыргыз президенти жолугушуу учурунда Кыргызстан Япония менен достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеген - Sputnik Кыргызстан
3/4
Кыргыз президенти жолугушуу учурунда Кыргызстан Япония менен достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент КР Сооронбай Жээнбеков в рамках рабочей поездки в Японию в городе Токио встретился с членами Парламентской лиги дружбы "Кыргызстан-Япония"
Парламентарийлер Кыргызстан жана Япониянын парламенттик делегацияларынын өз ара жасалган визиттери тууралуу пикирлерин айтышкан. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Парламентарийлер Кыргызстан жана Япониянын парламенттик делегацияларынын өз ара жасалган визиттери тууралуу пикирлерин айтышкан.
1/4
Президент Сооронбай Жээнбеков Япония сапарынын алкагында Токио шаарында Гэн Накатани жетектеген "Кыргызстан-Япония" парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен жолугуп, кызматташууну талкуулады
2/4
Бул жолугушууда япон парламентарийлери Жээнбековго күтүлбөгөн белек — япон дүкөндөрүндө сатылып жаткан кыргыз балын беришкен
3/4
Кыргыз президенти жолугушуу учурунда Кыргызстан Япония менен достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеген
4/4
Парламентарийлер Кыргызстан жана Япониянын парламенттик делегацияларынын өз ара жасалган визиттери тууралуу пикирлерин айтышкан.

Бул жолугушууда япон парламентарийлери Жээнбековго күтүлбөгөн белек — япон дүкөндөрүндө сатылып жаткан кыргыз балын беришкен.

"Алар экологиялык жактан таза азыктардын жана ошону менен бирге кыргыз балынын артыкчылыктарын белгилеп, Сооронбай Жээнбековго япон дүкөнүнөн алынган Кыргызстандын балын тартуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз президенти жолугушуу учурунда Кыргызстан Япония менен достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгилеген.

"Япония бизге түрдүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга сезилээрлик жардам берүүдө. Ошондой эле Кыргызстандагы парламентаризмди бекемдөөгө көмөгүн белгилеп кетким келет", — деген Жээнбеков.

Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча кызматташуу жөнүндө айтып жатып, ал өлкө чет элдик инвесторлор, анын ичинде япон инвесторлору үчүн да ачык экенин айткан.

Президент Сооронбай Жээнбеков Японияга болгон иш сапарынын алкагында ал жактагы кыргызстандыктар менен Токио шаарында жолукту - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга тажрыйбаңар керек. Жээнбеков Япониядагы жаштар менен жолукту
"Биз инвестициялык чөйрөнү мындан ары жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштерди алып баруудабыз. Өлкөнүн мыйзамдык базасы инвесторлор үчүн керектүү шарттарды камсыздайт. Биз чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Япониядан да ири компания жана корпорацияларды тартууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз", — деп белгилеген президент.

Парламентарийлер Кыргызстан жана Япониянын парламенттик делегацияларынын өз ара жасалган визиттери тууралуу пикирлерин айтышкан.

"Кыргызстан чоң туристтик потенциалга ээ. Сиздердин жаратылыш абдан кооз, абасы, суусу таза. Суу-энергетикалык ресурстардын чоң запастары бар. Булардын баары Кыргызстан үчүн баа жеткис байлык", — деп белгилешкен "Кыргызстан-Япония" парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү.

Жээнбеков бүгүн, 22-октябрда, Токио шаарындагы императордук сарайда өткөн жаңы император, 59 жаштагы Нарухитонун такка отуруу салтанатына да катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0