22 октября 2019. Президент РФ Владимир Путин и президент Турции Реджеп Тайип Эрдоган на пресс-конференции по итогам встречи.

Путин менен Эрдогандын 6 сааттык сүйлөшүүсү аяктады. Тагдыр чечкен кадамдар

1943
(жаңыланган 12:03 23.10.2019)
Путин менен Эрдогандын cүйлөшүүсүнүн башкы темасы Анкара согуштук операциясын жүргүзүп жаткан Сириядагы абал жана АКШ менен Анкаранын согуш отун токтотуу боюнча макулдашылган 120 сааты болду.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россия жана Түркиянын лидерлери Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын сүйлөшүүсү 6 саат 20 мүнөткө созулду. Бул туурасында РИА Новости билдирди.
Жолугушуу түшкү саат 13.27де башталган.

Россиялык делегациянын мүчөсүнүн биринин айтымында, Путин менен Эрдоган көзмө-көз бир нече саат бою сүйлөштү.

Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге эки лидердин сүйлөшүүсү оор, татаал, анын менен катар эле иштиктүү болору, тез эле бүтүп калбастыгы күтүлүп жаткандыгын айткан.

Путин менен Эрдогандын башкы темасы Анкара согуштук операциясын жүргүзүп жаткан Сириядагы абал жана АКШ менен Анкаранын согуш отун токтотуу боюнча макулдашылган 120 сааты болду.
Жолугушууга бир күн калганда Эрдоган Россия президенти менен Сирия багытындагы сүйлөшүүлөрдөн соң Анкара “өзүнүн кадамын таштарын” айткан. Шейшемби күнү, бүгүн, согуштук операцияны токтотуу боюнча белгиленген беш күндүк мөөнөт аяктайт.

Эрдоган ошону менен катар эле россиялык кесиптеши менен процесстин кезектеги фазасын – Сириянын түндүгүндө коопсуз аймакты түзүүнү талкуулашарын айткан.

Сирияда учурда эмне болуп жатат?

9-октябрда Эрдоган Сириянын түндүгүндө Күрдстан жумушчу партиясына жана "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы операция башталганын жар салган. Ал "Тынчтык булагы" деп аталган. 17-октябрда АКШ менен Түркия операцияны 120 саатка токтото туруу боюнча сүйлөшүп, күрд кошуундарын Түркия менен Сириянын чегиндеги 30 чакырымдык буфердик аймакка алып чыгуу тууралуу кеп болгон.
21-октябрда Сирияда чет элдик согушкерлер камалып турган 12 абактын кароосуз калганы кабарланган.

Эки лидер эмнени сүйлөштү?

Владимир Путин Москва менен Анкара Сириядагы абал жаатында бир катар маселе боюнча макулдашуу болгонун айтты.

Бул кадамдарды Россия президенти “тагдыр чечээр болбосо да, абдан терең мааниге ээ” деп атады.

“Чечимдер бүгүнкү мезгилде Сирия-Түркия чек арасында жаралган бир топ эле кыйын болуп жаткан абалды жайгарганга мүмкүнчүлүк берет", — деген Путин.

Түрк президенти конкреттүү макулдашууларга кол коюлгандыгын айткан. Ал Сириянын аймагында кандайдыр бир сепаратисттик уюмдарды түзүүгө жол берилбейт деген маанайдагы билдирүү жасаган.

1943
Белгилер:
Режеп Тайип Эрдоган, Владимир Путин, АКШ, Сирия, Түркия, Россия
Тема боюнча
Күрддөр америкалык аскерлерди помидор жана картошка менен урду. Видео