БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Конституциялык палатанын Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамынын алып салынышынын мыйзамдуулугу боюнча өтүп жаткан жыйынына палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев катышпашы керек. Мындай талапты Атамбаевдин тарапташтарынын жактоочусу Нурбек Токтакунов койду.
Эске салсак, ушул тапта Конституциялык палатада Атамбаевдин экс-президент макамынын алып салынышынын мыйзамдуулугу боюнча жыйын өтүүдө.Буга чейин Конституциялык палатага Атамбаевдин экс-президент макамынын алынышына жол берген мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү карап чыгуу өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин бир нече депутаты жана КСДПнын өкүлдөрү кайрылган.
Учурда ишти 10 судья карап жатат. Тараптардын укуктарын түшүндүрүү учурунда Дүйшеев алардын кайсы бир сотту четтетүүгө өтүнүч кылууга укугу бар экенин айткан.
"Карыбек Дүйшеев мурда азыркы президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгон. Андыктан, мурдагы байланыштар чечим чыгарууга таасирин тийгизиши ыктымал деп эсептейм", — деди Токтакунов.
Дүйшеев болсо Асылбек Жээнбеков менен жеке мамилеси жок экенин айтты.
Мындан улам соттор Дүйшеев боюнча өтүнүчтү аткаруу же аткарбоо маселесин кароо үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишти.
Кол тийбестиктин алынышы
13-июнда Жогорку Кеңеште Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал мурдагы президенттин алты кылмыш ишине тийиштиги бар болушу ыктымал деген корутунду чыгарган. Парламент бул корутундуну 20-июнда колдоп, аны Башкы прокуратурага жолдогон. 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов алты иштин бешөөсү боюнча кылмыш козгоого негиз бар экенин билдирип, Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан.
Бирок Алмазбек Атамбаев парламенттин мындай чечимин Конституциялык палата карап чыгышы керектигин айтып, тергөөгө күбө катары баруудан баш тартып койгон.
Мындан улам 7-8-августта Атамбаевди тергөөгө күч менен алып келүү үчүн Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети болгон. Анын жүрүшүндө УКМКнын атайын даярдыктагы бир аскери каза болуп, бир нече адам түрдүү жаракаттарды алган.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаровдун инаугурациясын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комитет бүгүн, 22-январда, салтанаттын жаңы сценарийин иштеп чыкты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Комитеттин жыйынында ант берүү аземинин программасына өзгөртүү жана толуктоолор киргизилген.
"Инаугурация күнү жолдор жабылып кортеж болбойт жана банкет уюштурулбайт. Инаугурацияга арналган баннерлер жолго илинбейт. Чыгымдар болушунча үнөмдөлөт. Буга чейин айтылган 10 миллион сомдун жарымынан көп бөлүгү кыскартылат", — дешти маалымат кызматынан.
Каражатты үнөмдөө максатында башка дагы иш-чаралар программадан алынганы айтылып, бирок алардын тизмеси ачыкталган жок.
Белгилей кетсек, буга чейин 28-январга белгиленген президенттин ант берүү аземин өткөрүүгө 10 миллион сом сарпталары айтылган. Ушул эле күнү инаугурацияга даярдык көрүү башталып, шаардын негизги көчөлөрү жабылган. Көп өтпөй унаа тыгыны жаралып, коомчулук бул көрүнүшкө сын-пикирлерди билдирген.Андан соң жаңы шайланган президент Садыр Жапаров чыгымдарды азайтуу талабын коюп, чоң салтанат өткөрүүдөн баш тарткан.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 5-февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өкмөттөр аралык жыйыны жана Almaty Digital Forum-2021 форуму өтөт. Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
Аталган иш-чаралар Казакстандын Алматы шаарында боло турганы айтылды.
Санариптик форумдун пленардык жыйынына ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары, ЕАЭБге байкоочу мамлекеттер жана Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышат.
18-январда "Орловка" тоо лыжасы базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат. Анда спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду.
Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты.
Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада квалификациялык мелдешти Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган. Уюштуруу милдетин КРдин Лыжа спорту федерациясы алган.
Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты. Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулуп, натыйжада казакстандык спортчулар алдыга оозуп чыга алды.
Бишкектин четинде лыжа менен тоодон түшүү боюнча Борбор Азиядан келген спортчулардын катышуусунда турнир өттү
18-январда "Орловка" тоо лыжа базасында башталган турнир бүгүн, 22-январда, жыйынтыкталып отурат
Турнирге улуттук курама командадан тышкары Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты
Спортчулар лыжа тебүүнүн атайын жана гигант түрлөрүндө күч сынашты
Медалдар кыздар жана эркектер арасында ойнотулду
Мелдеште казакстандык спортчулар алдыга озуп чыга алды. Ошондой эле өзбекстандык жана тажикстандык спортчулар жакшы жыйынтык көрсөтө алды.
Кыргызстандык Ольга Палюткина лыжа тебүүнүн эки түрүндө тең үчүнчү орунду алды
Турнирди КРдин Лыжа спорту федерациясы уюштурду
Бул спорттун түрү боюнча квалификациялык турнир экинчи ирет өтүп жатат
Пандемияга байланыштуу борбор азиялык спортчулар Европадагы турнирге бара албай калып, натыйжада аны Кыргызстанда өткөрүү чечими кабыл алынган
Уюштуруучулар күн жылып кар эрип кетпеши үчүн мелдешти эртең менен башташкан
Спортчулар лыжа менен жөн гана ылдый түшпөстөн, жолдогу табигый жана жасалма тоскоолдуктардан өтүшү керек болду