Атамбаевдин экс-президент макамын караган коллегия бир судьяны курамдан чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 23-октябрда, Конституциялык палатада Атамбаевдин экс-президент макамынын алып салынышынын мыйзамдуулугун караган жыйын өтүүдө.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Конституциялык палата (КП) Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын аталган палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев соттук коллегиянын курамынан чыгарылсын деген талабын четке какты. Бирок ошол эле учурда КПнын башка судьясы Эркинбек Мамыровду курамдан чыгаруу боюнча өтүнүч канааттандырылды.

Бүгүн, 23-октябрда, Конституциялык палатада Атамбаевдин экс-президент макамынын алып салынышынын мыйзамдуулугун караган жыйын өтүүдө. Мурдагы президенттин тарапташтарынын адвокаты Нурбек Токтакунов Карыбек Дүйшеевди соттук коллегиянын курамынан чыгарууну өтүнгөн.

"Карыбек Дүйшеев мурда азыркы президенттин бир тууганы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгон. Андыктан, мурдагы байланыштар чечим чыгарууга таасирин тийгизиши ыктымал деп эсептейм", — деген жүйөнү келтирген Токтакунов.

Мындан улам соттор Дүйшеев боюнча өтүнүчтү аткаруу же аткарбоо маселесин кароо үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кирип кеткен.

Кол тийбестиктин алынышы

13-июнда Жогорку Кеңеште Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал мурдагы президенттин алты кылмыш ишине тийиштиги бар болушу ыктымал деген корутунду чыгарган. Парламент бул корутундуну 20-июнда колдоп, аны Башкы прокуратурага жолдогон. 25-июнда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов алты иштин бешөөсү боюнча кылмыш козгоого негиз бар экенин билдирип, Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан.

Бирок Алмазбек Атамбаев парламенттин мындай чечимин Конституциялык палата карап чыгышы керектигин айтып, тергөөгө күбө катары баруудан баш тартып койгон.

Мындан улам 7-8-августта Атамбаевди тергөөгө күч менен алып келүү үчүн Кой-Таштагы үйүнөн кармоо аракети болгон. Анын жүрүшүндө УКМКнын атайын даярдыктагы бир аскери каза болуп, бир нече адам түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0