Кышында айыл кыдыргыла! Депутат өкмөттүн мүчөлөрүнө сунуш киргизди

© Sputnik / Расул УсеналиевЖогорку Кеңеш. Архив
Жогорку Кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү кыш босогодо турганына карабай парламент дагы деле өкмөттүн кышка даярдыгын карай электигин айтты.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова парламенттин жалпы жыйынында өкмөт мүчөлөрүн кышында суук катуу болгон аймактарга барып элдин жашоосунан кабар алуусун өтүндү.

Депутаттар бүгүнкү, 24-октябрдагы, жыйынында ар кандай маселелерди карашты.

Эл өкүлү кыш босогодо турганына карабай парламент дагы деле өкмөттүн кышка даярдыгын карай электигин айтты. Ошондой эле президент эки жылдан бери элетти көтөрүү маселесин өкмөткө жүктөгөнүн эске салды.

"Элеттегилерге баа беришибиз керек, кабагым-кашым дебей, эч кимге догун артпай эле өздөрү күн көрүп жатат. Өкмөт өзгөчө элетти кыдырганда жылуу аймактарга гана барып, суук катуу болгон Нарын менен Чаткал сыяктуу аймактар көз жаздымда калып кетүүдө. Шарты катаал бул аймактарда кыш тогуз ай бою кетпейт", — деди ал.

Мусабекова, андан сырткары, Нарын жана Чаткалга электр кубатына болгон бааны төмөндөтүп, тарифти кайта карап чыгуу боюнча сунуш берди.

"Төрт жылдан бери маселени айтып келе жатабыз. Бул аймактарда миң кВт саатка чейин 77 тыйын төлөнөт. Бирок суук күндөрү 3-4 миң киловаттка чейин жагылып кетип жатат. Андыктан өкмөт элетти көтөрөбүз десе кыш күрөөдө, декабрь, январь, февраль айларында жеңилдетилген 1 миң киловатты 2 миң киловаттка чейин көтөрүп берүүнү  карасын", — деди депутат.

Эл өкүлү өкмөт мүчөлөрү суук күндөрү элетке барбай турганын, каттаса дагы жылуу имараттын ичинде чогулган активдердин сөзүн угуп кайра борборго кайтарын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0