Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси Бакиев Белоруссияга эмнеге качканын түшүндүрдү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКыргызстдандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив
Кыргызстдандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2010-жылкы төңкөрүштөн кийин үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен Курманбек Бакиевге Белоруссия саясий башпаанек берген.  Бакиев ушул убакка чейин бул өлкөдө жашап келет.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Казакстандын президентинин мурдагы кеңешчиси жана Белоруссиядагы элчиси Ермухамет Ертысбаев "Время" гезитине берген маегинде Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев эмне себептен Белоруссияга баш калкалагандыгы тууралуу пикирин айтты.

Встреча президента Беларуси Александра Лукашенко с беглым президентом Курманбеком Бакиевым - Sputnik Кыргызстан
ТИМ Лукашенкого кылмышкер Бакиев менен жолукканын эскертти
Эске салсак, Курманбек Бакиев 2005-жылкы жоогазын революциясынан кийин бийликке келген. Ал эми 2010-жылкы төңкөрүштөн соң үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Ага Белоруссия саясий башпаанек берип, ушул убакка чейин ошол өлкөдө жашап келет.

Ермухамет Ертысбаев 2010-жылы президенттин кеңешчиси болуп иштесе, 2017-жылдан тарта ушул жылдын август айына чейин Казакстандын Белоруссиядагы элчиси болгон.

Журналисттин эмне себептен Белоруссия Кыргызстандын качкын президентин кабыл алган деген суроосуна Ертысбаев Александр Лукашенконун сөздөрүнө таянып жооп берди.

"Белоруссия президенти Бакиев өзү чалып жардам сураган деп айткан. Албетте, ортодо сүйлөшүүлөр болсо керек. Бирок бул Назарбаев, Путин жана Лукашенконун биргелешип кабыл алган чечими деп ойлойм", — деди Ертысбаев.

Дипломаттын айтымында, Казакстан анда Бакиевге башпаанек бере алмак эмес. Анткени бул кадамды Бишкек душмандык катары кабыл алмак.

"Россия канчалык чоң болгону менен Путин Кыргызстандан качкан бардык президенттерди (Аскар Акаев ошол жакта) кабыл ала албайт да. Бул менин пикирим, балким жаңылышым дагы мүмкүн", — деди Ертысбаев.

Белгилей кетсек, Белоруссия лидери 2010-жылы Курманбек Бакиев анын үй-бүлөсүн сактап калуу өтүнүчү менен кайрылгандыктан башпаанек берүүнү чечкенин айткан. Ошондой эле бул анын жеке чечими экенин кошумчалаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0