ЖК депутаты Жанар Акаев. Архив

Акаев: премьер кылмышты саясатташтырбагыла дегиче дагы бир ишкерди өлтүрүп кетишти

377
(жаңыланган 14:27 24.10.2019)
Депутат соттор менен милиция кылмышкерлерди кармап барып түрмөгө отургузгандан кийин алар бир-эки жылга жетпей чыгып кетип жатканына токтолуп, соттордун да ишин көзөмөлдөө керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев криминал баш көтөрүп, ишкерлердин коопсуздугу курч маселе болуп жатканын айтканы менен өкмөт башчы бул маселени "саясатташтырбагыла" деп жооп бергенине ачууланды.

"Кечээ мен ишкерлердин коопсуздугу, криминалдын күчөшү, Кыргызстандан чыгарылып жаткан акчалар тууралуу парламентте сүйлөсөм, өкмөт башчы мага "маселени саясатташтырбагыла" деп жооп бериптир. Урматтуу өкмөт башчы, мага жооп берип актаныштын, далилдештин кереги жок! Премьер "мамлекетибиз күчтүү, силерди коопсуз кармайбыз, силер үчүн бүт мыйзамды иштетип коопсуздугуңарды сактайбыз" деп элге, жарандарга жооп берсин", — деди ал.

Акаев депутаттар коомдогу көйгөйдү ачык айтып чыгышы керектигин белгиледи.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
"Саясат болуп жатат деп парламентте такыр сүйлөбөй коёлубу? Биз маселени айтып турушубуз керек, "ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт" дейт. Маселени ушул жерден козгоп, айтып турбасак болбойт. Биз оозубузду жыйгыча акча ташыган дагы бир ишкердин сөөгү мына кечээ кечинде аэропорттон өзүнүн машинасынын багажынан табылып жатат. Биз бул жакта криминал, кылмыш дүйнөсү баш көтөрдү деп оозубузду жыйгыча ушундай каргашалуу окуя болуп кетти", — деди Акаев.

Депутат соттор менен милиция кылмышкерлерди кармап барып түрмөгө отургузгандан кийин алар бир-эки жылга жетпей чыгып кетип жатканына токтолуп, соттордун да ишин көзөмөлдөө керектигин белгиледи.

Эске салсак, "Мадина" базарында соода кылган ишкер 4-октябрда базардан чыккан боюнча дайынсыз жоголуп, бир нече күндөн кийин сөөгү Кочкор районунан табылган. Маркумду жолдун жээгине көмүп коюшкан.

Ал эми 22-октябрда 39 жаштагы киши да үйүнөн аэропортту көздөй чыккан боюнча дайынсыз болуп, сөөгү аба майдандагы автоунаа токтотуучу жайдагы машинанын багажынан табылган. Айрым ЖМКлардын жазышынча, маркум акча ташып иштечү.

377
Белгилер:
Жанар Акаев, криминал, Жогорку Кеңеш
Тема:
Аэропорттогу автоунаадан өлүк табылды (7)
Тема боюнча
"Манас" аэропортундагы автоунаанын багажынан кишинин сөөгү табылды
Премьер-министр ишкер Хуфур Абдурахемандын өлүмү боюнча кеңешме өткөрдү
Кишинин колунда гүлдөр жана күйүп турган шам. Архив

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жалгап Казакбаев дүйнө салды

93
(жаңыланган 14:51 05.07.2020)
Казакбаев Кара-Балта шаардык, Чүй облустук кеңештерине жана 1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Жалгап Казакбаев узак убакытка созулган оорудан улам 71 жашында каза болду. Бул маалыматты Кара-Балта шаар мэриясы тастыктады.

Маркумду жерге берүү зыйнаты эртең, 6-июлда, Кара-Балта шаарында өтөт.

Канат Исаевдин апасы Асымбүбү Ташыбаева 79 жашында көз жумду

Жалгап Казакбаев 1949-жылы 1-январда Чүй облусунун Панфилов районундагы Тельман айылында туулган. 1972-жылы Фрунзедеги политехникалык университеттин механика факультетин аяктап, "Сетунь" заводунда эмгек жолун баштаган. Кара-Балта тоо-кен комбинатында (КТКК) директор болуп иштеген. Кара-Балта шаардык жана Чүй облустук кеңешине депутат болгон.

1995-2000-жылдары Жогорку Кеңештин эл өкүлдөр палатасына депутат болуп шайланган.

93
Белгилер:
депутат, жерге берүү, каза болду
Тема боюнча
Ырчы Болот Тасмаев мезгилсиз дүйнөдөн кайтты
Ырчы Канье Уэст. Архив

Ырчы Канье Уэст АКШ президенттигине ат салышарын жар салды

66
(жаңыланган 13:59 05.07.2020)
Ырчы мурда Трамптын активдүү тарапташы катары белгилүү эле, аны менен бир нече ирет жолуккан. Кийинчерээк аны саясый максаттарга колдонушканын билдирген.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Америкалык ырчы Канье Уэст АКШда өтчү президенттик шайлоого катышарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

"Биз эми Кудайга ишеним артып Американын үмүтүн ишке ашырып, бир максатта келечегибизди түзүшүбүз керек. Мен АКШнын президенттигине ат салышам", — деп жазган Уэст Twitter баракчасына.

Учурда музыканттын  президенттикке талапкерлигин кайсы жылы коеру белгисиз. Бирок ал өз билдирүүсүнө #2020VISION деген хэштег калтырган.

Канье Уэстти Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск: "Мен сени толугу менен колдойм",— деп ырчынын билдирүүсүнүн алдына жооп кайтарган.

Бышып калат го... Ким Кардашьяндын костюм кие албай кыйналган видеосу

Уэст мындай пикирин биринчи жолу билдирип жаткан жок. Буга чейин ал 2024-жылдагы шайлоодо президенттикке ат салышарын айткан.

Ырчы мурда Трамптын активдүү тарапташы катары белгилүү эле, аны менен бир нече ирет жолуккан. Кийинчерээк аны саясый максаттарга колдонушканын билдирген.

Канье Уэст — америкалык хип-хоп аткаруучу, рэпер, продюсер, композитор жана дизайнер. Актриса жана фотомодель Ким Кардашьяндын күйөөсү. 1990-жылдардын аягы, 2000-жылдары Jay-Z, Ludacris, "Талиб Квели" жана "Алиша Киз" аталышындагы хит ырлардын жаратуучуларынын бири.

66
Белгилер:
шайлоо, президент, Канье Уэст, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
АКШдагы телеканал Кардашьяндын күйөөсү Трампты мактаган жерин эфирден кесип салды
Алтындан жасалган бет кап

4000 долларлык алтын бет кап. COVID-19дан сактанган индиялык кишинин окуясы

0
(жаңыланган 15:17 05.07.2020)
Индиялык жаран ага мындай идея күмүш бет капчан адамды көргөндө келгенин айтты. Алтындан жасалган бат каптын салмагы 2,5 килограмм.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Индиялык Шанкар Кураде күмүш бет капчан кишини көргөндөн кийин коронавирустан коргонуу үчүн баасы 4 миң доллар турган алтын бет кап жасаткан. Бул тууралуу РИА Новостиге өзү айтып берген.

Шанкар Курхейд (48 лет) носит свою маску, сделанную из золота, и позирует для фотографии на фоне распространения коронавирусной болезни (COVID-19) в Пуне, Индия, 4 июля 2020 года
© REUTERS / STRINGER
Өзгөчө жасалганын салмагы 2,5 килограммды түзүп, ал 289 миң рупий (3870 доллар) турат. Бет капта дем алуу үчүн анча чоң эмес тешикчелер бар
"Мага ошондо алтын бет кап тууралуу идея келди. Негизинен алтынды абдан жакшы көрөм, дайыма салмактуу алтын чынжырларды, шакектерди тагынып жүрөм. Алтын бет кап тагынууга эмнеге болбосун деп жергиликтүү зергерге буюртма бердим" , — деди ал.

Өзгөчө жасалганын салмагы 2,5 килограммды түзүп, ал 289 миң рупий (3870 доллар) турат. Бет капта дем алуу үчүн анча чоң эмес тешикчелер бар.

"Эффективдүүлүгү тууралуу айта турган болсок... Биздин билишибизче, бет кап жалгыз өзү коргой албайт, ал үчүн аралыкты сактоо керек. Ошол себептен алтын бет кап менен көчөгө чыкканда мен дагы айтылган социалдык аралыкты сактайм", — деген өзгөчө бет каптын ээси.

Индияда той өткөргөн жигит каза болуп, 100дөн ашык конок COVID жуктурду

Анын айтымында, бет кап жергиликтүү элдин жана ЖМКнын көңүлүн өзүнө бурган. "Алтын бет кап менен көчөгө чыкканда элдин көңүл чордонунда калдым. Менин үй-бүлөмдүн алтынды жакшы көрөрү бул чөлкөмгө белгилүү болсо да алтын бет кап жаңы нерсе болгондуктан элге кызык болду", — деп кошумчалады Кураде.

Индиянын Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, өлкөдө 648 миң адам коронавирус жуктуруп, алардын 400 миңи айыгып, 18 миң адам каза тапкан.

0
Белгилер:
бет кап, алтын, Индия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Индия: кеминде 23 киши чагылган тийип көз жумуп, дагы 29у жаракат алды
Таң калычтуу! Индияда ичи ооруп, дарыгерге кайрылган аял эркек болуп чыкты