КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны

КМШнын премьерлери жабык эшик артында талкуулаган маселелер

151
Жолугушуу Москвадагы "Сколково" инновациялык борборунда өттү. Жыйынга 10 мамлекеттен келген делегациянын өкүлдөрү катышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны тар чөйрөдө өтүп, анда экономикалык өнүгүүгө байланышкан маселелер да каралган.

Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев жыйындын кеңири чөйрөдөгү жолугушуусун жыйынтыктап жатып, негизинен "санариптик күн тартибине" басым жасалганына токтолду.

КМШнын аткаруучу комитетинин төрагасы Сергей Лебедев экономикалык байланыштар боюнча актуалдуу маселелер талкууланганын билдирди.

"Кызматташуунун бардык аспектилери боюнча сөз болду. Анализ жасалып, интеграцияны тереңдетүү боюнча сунуштар каралды. Бардык идеялар бириктирилип, аларды ишке ашыруунун планы даярдалды", — деди Лебедев.

Ал кийинки жыйынды 2020-жылы 29-майда Ташкентте өткөрүүнү макулдашышканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, КМШга төрагалык кылуу Түркмөнстандан Өзбекстанга өттү.

Жолугушуу Москвадагы "Сколково" инновациялык борборунда болду. Жыйынга 10 мамлекеттен келген делегациянын өкүлдөрү катышкан.

151
Белгилер:
жыйын, Москва, КМШ
Тема боюнча
Москвада КМШнын премьерлеринин жыйыны башталды