Абылгазиев 16 аткаминерди ишиндеги алешемдик үчүн жазалады. Тизме

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин дээрлик бардык жетекчилиги өкмөт башчынын каарына калды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрдин жана мекеме жетекчилеринин 16 орун басарына, статс-катчысына эскертүү берип, сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн 15-октябрда чыккан токтомунда жазылган.

Алар "жүктөлгөн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн" жаза алышканы айтылат.

Эскертүү берилген аткаминерлердин тизмеси:

  • Экономика министрлигинин статс-катчысы Айдин Шаршеев;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева;
  • Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев;
  • Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Миргүл Айдарова;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун статс-катчысы Илияз Ташбаев;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Токтогул Туманов;
  • Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев.
  • Сөгүш берилген аткаминерлер:
  • Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадаминжан Каратаев;
  • Саламаттык сактоо министринин орун басары Эркин Чечейбаев;
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев;
  • Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев;
  • Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев;
  • Мамлекеттик салык кызматынын статс-катчысы Жакып Карагул уулу;
  • Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын биринчи орун басары Калиман Маматова.
Жаңылыктар түрмөгү
0