Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетүүгө аракет жасаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, монеталар алтындан жасалган

Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетмекчи болгон

151
(жаңыланган 12:31 31.10.2019)
Тарыхый буюмдарды Бишкектен Үрүмчүгө жеткирүү аракети жасалган. Бирок бажычылар менен аэропорттун кызматкерлери буга жол берген эмес.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетүүгө аракет жасаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, монеталар алтындан жасалган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.

Таможенники пресекли попытку вывоза драгоценных изделий в аэропорту Манас 24 октября
© Фото / пресс-служба ГТС КР
Кытайлык аял Кыргызстандан тарыхый монеталарды чыгарып кетүүгө аракет жасаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, монеталар алтындан жасалган

Адистер баалуу металлдан жасалган буюмду алып бараткан аялды 24-октябрь күнү "Манас" аэропортунан кармашкан. Кытай жараны Бишкектен Үрүмчүгө учууга аракет жасаган. Аны колго түшүрүүгө Авиациялык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жардам берген.

Аялдын жанында төмөнкү буюмдар болгон:

Таможенники пресекли попытку вывоза драгоценных изделий в аэропорту Манас 24 октября
© Фото / пресс-служба ГТС КР
Адистер баалуу металлдан жасалган буюмду алып бараткан аялды 24-октябрь күнү "Манас" аэропортунан кармашкан

Сары металлдан жасалган түрдүү номиналдагы 23 монета (алдын ала маалымат боюнча, алтын). Ага орус тилинде түрдүү жазуулар жазылып, XIX жана XX кылым деген белгилер түшүрүлгөн;

Монетадан жасалган эки билерик (алдын ала маалымат боюнча, алтын). Браслеттин ар биринде бештен байыркы монета болгон.

Учурда буюмдардын баасы менен башка жагдайлар такталып жатат.

151
Белгилер:
монета, Үрүмчү, Кытай, Кыргызстан
Тема боюнча
Кумтөрдө алтын бар экени аң уулап жүргөндө билинген. Геолог Осмонбетовдун маеги