Жогорку Кеңештин депутаттар тобу 2020-жылкы парламенттик шайлоону утурлай ат салыша турган партиялар үчүн босгону 9дан 5 пайызга дейре төмөндөтүү демилгеси менен чыкты. Андан тышкары, шайлоо күрөөсүнүн суммасын 5 миллион сомдон бир миллионго түшүрүү да сунушталууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилери мындан улам шайлоого бардык саясий күчтөр, анын ичинде жаш партиялар да катыша алат деп эсептешет. Жаңы түзүлгөн партиялар көпчүлүк учурда парламенттен тыш калып, бул саясий кырдаалдын курчушуна түртөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку жетекчиси Акылбек Сариев парламентарийлердин бул сунушу шайлоо процессин жакшыртуу боюнча системалык иш эмес, популисттик кадам экенин билдирет.
"Эгер мындай мыйзам долбоору чындап зарыл болсо, аны шайлоого бир жыл калганда эмес, мурдатан эле сунушташмак. Бул көбүнесе саясий чуу жаратуу ыкмасындай көрүнөт. Мындан ары депутаттардын аракеттеринин баары саясий упай топтоого багытталат", — дейт Сариев.
Аталган мыйзам долбоору бийликтен колдоо таппай турганына ынанган Сариев шайлоо босогосунун азайышы өзүнөн өзү парламентте ар кыл саясий күчтөрдүн келишине шарт түзбөйт деген пикирде.
Анын айтымында, маңызында өлкөдө партиялык түзүлүш сөздүн түз маанисинде түптөлө алган эмес.
"Бизди алдыда “укмуштай” партиялык келечек күтүп турат. Тигил же бул партиялардын учурдагы абалы, алардын бөлүнүшү, өзгөрүшү, анын ичинде бийликтин партияларынын экиге бөлүнүшү, КСДПнын чабалдашы муну айгинелейт", — деп кебин аяктады Сариев.
Тарых илимдеринин кандидаты, “Разумные решения” аналитикалык борборунун директору Эсен Усубалиевдин пикиринде, бийликтин бул аракети ушул учурда жаңы партияларды түптөө зарылдыгынан кабар берет.
"Өлкөдөгү соңку окуяларды, элдин партияларга, парламентке болгон ишеними өчкөнүн эсепке алсак, бул — абдан акыл-эстүү кадам. Мурдагы президент менен мамлекеттин азыркы башчысынын тиреши эсибизде, депутаттардын түркүн аракеттери жана ойлонбой ортого салган пикирлеринен улам Жогорку Кеңештин аброю түшүп баратканына күбөбүз. Мындай көрүнүштөрдүн баары эми саясий күчтөргө залакасын гана тийгизет. Башкача айтканда, шайлоо шарттарынын жеңилдетилиши саясий климаттын алмашышына жана жаңы жүздөрдүн пайда болушуна алып келет", — деди Усубалиев.
Анын айтымында, бул мыйзам долбоору тез арада кабыл алынса, анда окуялар электораттын добушун бөлүштүрүү сценарийи менен кетери турулуу иш.
"Мыйзам долбоору кабыл алынган соң оюнга кошулган партиялардын саны арбып кеткен учурда добуштардын пайыздык катышын кандайдыр азайтуу жүрөт да, чыныгы, каржылык да, саясий да күчкө ээ партиялар озуп чыгат", — дейт серепчи.
Мунун баары бийликтин жаңы партиясы үчүн саясий өрүшкө жол ачуу үчүн жасалып жатканын белгилейт ал.
"Мындай мүмкүнчүлүк орун алышы ыктымал, эгер депутаттардын сунушу өтүп калса, анда жалпыбыз жаңы бир күчтүн жаралышына күбө болобуз. Анан калса, саясий чөйрөнүн бүгүнкүдөй абалын кандайдыр жаңылоону чагылдыруу үчүн ал КСДП же башкалардай эски саясий бренддерди пайдаланбайт", — дейт аналитик.
Шайлоо процесси ушул тапта жаңычыл, реалдуу аракеттерди талап кылат, анткени адамдар куру убадалардан чарчады, кескин түрдөгү жаңы ыкмаларсыз элди шайлоо күркөлөрүнө чейин киргизүү өтө татаал.
"Бүгүнкү бийлик элге кызыктырарлык чечимдерди сунуштоого тийиш экени айкын, болбосо электораттын саясий маанайы курч мүнөзгө өтөт, партиялар анык бир саясий күч боло алышпайт. Ошентсе да Кыргызстан геосаясий оюнчулардын күчтүү таасиринде экенин, өлкөдөгү саясий кырдаал элге сунуштала турган ураандарга жараша болорун унутпоо абзел", — деди Усубалиев.Евробиримдик, АКШ Борбор Азияда абдан кызуу, активдүү иш алпарары эч кимге сыр эмес, ал эми америкалыктар Кыргызстан менен кызматташуунун жаңы келишимине кол коюуну көздөөдө. Эгер республика алардын айтканына көнбөсө, анда кезектеги “түстүү” өзгөрүү сценарийлери өнүгүшү мүмкүн. Азырынча анын ачык шарттары байкалбайт, бирок өлкөдөгү саясий климаттын болжоп болгус мүнөзүн эске алсак, муну да эстен чыгарбоо шарт экенин баса белгилейт Усубалиев.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Москванын Пушкин атындагы аянтында макулдашылбаган акцияга чыккан адамдар кармала баштады. Бул тууралуу РИА Новостинин кабарчысы жеринен билдирди.
Полиция үн күчөткүч менен сүйлөп акциянын катышуучуларына социалдык дистанцияны сактоону, бет кап, кол кап тагынууну жана бул макулдашылбаган акция экенин эскерткен. Күч түзүмдөрү плакат көтөрүп чыккан жана жүзүн көрсөтпөй жүргөн адамдарды кармап жатат. Азырынча канча адам кармалганы туурасында так маалымат жок.
Россия ИИМи жана Башкы прокуратура аталган акциянын уюштуруучуларына жана катышуучуларына буга чейин бир нече ирет эскертүү берген. Муну провокация катары баалап, коомдук тартипти бузгандарга дароо чара көрүлөрү айтылган. Аны менен катар Башкы прокуратура мыйзамда тыюу салынган иш-чараларга келүүгө чакырган билдирүүлөрдү социалдык тармактан блоктоп салууну талап кылган.Президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун акцияга белгилүү бир чагымчылдар чакырык таштап жатканын билдирди.
Ошондой эле мектеп окуучулары менен студенттердин акцияга чыгышына бөгөт коюу боюнча ата-энелерге өзгөчө көңүл бурулууда.
Россиянын шаардык бийликтери буга чейин коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал оор болгондуктан массалык иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартып келген.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. АКШ сенаты Пентагон башчылыгына Ллойд Остиндин талапкерлигин бекиткенин РИА Новости жазды.
Анын талапкерлигине 93 сенатор "макул" болсо, экөө "каршы" добуш берген.
Жарандык коргонуу министри кызмат ордуна жети жыл мурун пенсияга чыккан, тажрыйбалуу аскер адамдары гана ат салыша алат. Алар конгресстин атайын макулдугун алышы керек.
Остин 2016-жылы отставкага кеткен. Анын талапкерлигин сенаттын профилдик комитети колдоп берген.
Ал 67 жашта, төрт жылдыздуу генерал даражасына ээ. Остин коргоо мекемесин жетектеген биринчи афроамерикалык болмокчу. Германия, АКШ, Ирак мамлекеттеринде аскердик кызматын өтөгөн. Вашингтондун "Ислам мамлекети"* тобу менен күрөшүүсүнө салым кошкон.2016-жылы пенсияга чыккандан кийин ири куралдарды чыгарган Raytheon компаниясынын директорлор кеңешинде иштеп жаткан.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү, 25-январда, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймактарында -1...-6 градус, Таласта 0...-5 градус болмокчу. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын жылышы байкалып, термометр -1...+4 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктер борбор калаада -1...-3, түштүк борбордо +1...+3 градус болорун айтышты.