Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Жениш Разаков встретился со спецпредставителем президента Российской Федерации по международному культурному сотрудничеству Михаилом Швыдким.

КР менен РФтин кайчылаш жылы. Путиндин атайын өкүлү менен Разаков жолукту

201
(жаңыланган 13:54 01.11.2019)
Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы 2020-жылдын февраль-март айларында Москва шаарында, ал эми жабылыш аземи 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда өтөрү күтүлүүдө.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаков Россия президентинин эл аралык маданий кызматташтык боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой менен жолугушту. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Тараптар жолугушууда кийинки жылы Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылына карата даярдык көрүү жана аны өткөрүү маселелерин талкуулашкан.

Разаков өлкөлөр ортосундагы достукка, биримдикке жана өз ара урматтоого негизделген кыргыз-орус алакасы жогорку деңгээлде экенин белгилеген. Ошондой эле 2020-жылы кайчылаш жылды өткөрүү жөнүндөгү демилгени колдогону үчүн Россия тарапка ыраазычылык билдирген. 

Вице-премьер-министр Кыргызской Республики Жениш Разаков встретился со спецпредставителем президента Российской Федерации по международному культурному сотрудничеству Михаилом Швыдким.
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Вице-премьер Жеңиш Разаков
"Учурда аны өткөрүүгө активдүү даярдык көрүп жатабыз. Мен жетектеген бардык тармактык министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери кирген атайын уюштуруу комитети түзүлүп, кайчылаш жылдагы иш-чаралардын планынын долбоору даярдалды. Көптөгөн маданий-гуманитардык багыттагы иш-чаралардан тышкары планга өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын мааракелик иш-чараларына катышуусу, Тверь облусундагы салгылашууда курман болгон кыргызстандык жоокерлерге эстелик тургузуу камтылды", — деген Разаков.

Өз кезегинде Михаил Швыдкой Россия акыркы жылдарда биринчи жолу мурдагы постсоветтик өлкөлөрдөгү мамлекет менен кайчылаш жыл өткөрүп жаткандыгын, ошондой эле бул эки мамлекет үчүн маанилүү болуп саналаарын белгилеген.

Андан тышкары, Швыдкой Россияда убактылуу иштеп, жарандык алгандар, дегеле жалпы эле кыргызстандыктар коомдун маанилүү бөлүгү экенин белгилеп, аталган долбоорду даярдоого жана өткөрүүгө чоң маани берилип жаткандыгын кошумчалаган.

Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылышы 2020-жылдын февраль-март айларында Москва шаарында, ал эми жабылыш аземи 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында Кыргызстанда өтөрү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 28-мартында Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн башчылары тарабынан кийинки жылды кайчылаш жыл деп жарыялоо чечими кабыл алынган.

201
Белгилер:
талкуу, жолугушуу, Михаил Швыдкой, Жеңиш Разаков, Россия, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы (43)
Тема боюнча
"Путиндин атайын өкүлү РФтин КРдеги маданият жылы тууралуу" маалымат жыйыны
23 жашта... Путинге КГБда иштеп жүргөндө берилген мүнөздөмө ачыкка чыкты
Россиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов. Архив

РФ элчиси Европанын гиперүндүү ракеталар боюнча билдирүүсүнө жооп берди

39
(жаңыланган 15:43 29.10.2020)
Аталган келишим глобалдуу стратегиялык коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн. 2019-жылдын августунда АКШ "Россиянын эреже бузган кадамдарынан улам" макулдашуудан чыгып кеткен.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Россиянын Вашингтондогу элчиси Анатолий Антонов Европага ракета техникасын жайгаштырууга шашпай туруу керектигин эскертти. Дипломаттын сөзүн РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Роберт О'Брайен шаршемби күнү Вашингтон Россияны тизгиндөө үчүн Европага гиперүндүү куралы менен баллистикалык ракеталарды жайгаштырууга даяр экенин жар салган.

Россияга "кыямат күндүн учагын" кайра жасоонун эмне зарылдыгы бар?

"Мындай билдирүүлөр регионалдык жана глобалдуу коопсуздукту туруксуздаштыруу кооптуулугун шарттайт, каршылашууну күчөтөт. Эгер Вашингтон куралданууга чындап көзөмөл жүргүзүүгө кызыкдар болсо, бул үчүн европа континентине ракеталарды жайгаштыруунун зарылдыгы жок", — деген Антонов.

Ал Владимир Путиндин Орто жана жакынкы ыраактагы ракеталарды жок кылуу боюнча келишимдин (ДРСМД) токтотулган шартында деэслакация сунушун "конструктивдүү альтернатива" деп атады.

Аталган келишим глобалдуу стратегиялык коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн. 2019-жылдын августунда АКШ "Россиянын эреже бузган кадамдарынан улам" макулдашуудан чыгып кеткен. Вашингтон Москвага тыюу салынган 9М729 ракетасын иштеп чыгып сынады деп кине койгон. Ал эми Россия бардык ишти уруксат берилген 500 чакырымга чейинки аралыкта жүргүзгөнүн айтып келет.

Суверенитетти коргоо: россиялык С-500 абадан коргонуу тутумун кимдер сатып алат?

Ушул жумада Путин ракета жарышын токтотуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштаган. РФ лидери Москва өлкөнүн европалык бөлүгүнө 9М729 ракетасын жайгаштырбай турганын, бирок НАТО тараптан да ушундай эле жооп күтөрүн билдирген. Ал муну менен бирге альянска Европа жана Калининграддагы объектилерде жайгаштырылып жаткан Мк-41 жана 9М729 техникасын текшерүүнү сунуштаган. Ал эми Германия ТИМинин өкүлү Андреа Зассе бул демилге "ишеним жаратпай турганын" билдирди. 

39
Белгилер:
коопсуздук, келишим, Владимир Путин, АКШ, Россия, ракета
Тема боюнча
Казакстанда ракетадан коргонуу боюнча Россиянын жаңы системасы сыналды. Видео
Мамлекет башчынын маалымат катчысы Галина Байтерек

Галина Байтерек президенттин маалымат катчысы болуп дайындалды

155
(жаңыланган 16:26 29.10.2020)
Галина Байтерек бир нече жыл КТРКда эмгектенген. Анын ичинде алып баруучу да болгон. Аталган жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Галина Байтерек мамлекет башчынын маалымат катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Аталган жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Галина Байтерек бир нече жыл КТРКда эмгектенген. Анын ичинде алып баруучу да болгон.

155
Белгилер:
Галина Байтерек, жарлык, Маалымат катчысы, президент
Тема боюнча
Жапаров менен өкмөттүн 19 мүчөсү бир мүнөттө ант берсе кандай болмок. Видео
Мектептеги коопсуз бет капчан окуучу. Архив

Билим берүү министрлиги экинчи чейректе мектептерди ачуу сунушун берди

0
(жаңыланган 17:25 29.10.2020)
Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева окуучулардын ысык тамагынан үнөмдөлгөн каражат 180 миллион сом экенин билдирди.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги экинчи чейректен тарта мектептерди кадимки режимде ачууну сунуштаганын министр Алмазбек Бейшеналиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал ведомствонун мындай сунушу Республикалык штабга жана Саламаттык сактоо министрлигине жиберилгенин белгиледи.

Ал эми окуучуларга ысык тамак берүүдөн үнөмдөлгөн акчаны дезинфекциялык каражаттарды алууга жана санитардык нормаларды уюштурууга берүү өтүнүчү менен Финансы министрлигине кат жиберилгенин айтты.

Министр Нуржигит Кадырбеков өкмөткө кинотеатрларды ачууну сунуштады

Аны менен катар вице-премьер Эльвира Сурабалдиева ысык тамактан үнөмдөлгөн каражаттын суммасы 180 миллион сом экенин билдирди.

Белгилей кетсек, быйыл март айында коронавирус кооптуулугунан улам мектептер жабылып, окуучулар үйдөн окугандыктан ысык тамак берилген эмес.

0
Белгилер:
сунуш, Билим берүү министрлиги, окуучу, мектеп, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өкмөт мектеп, бала бакчаларды ачуу маселесин карады
Ооруган балдар көбөйүүдө. Бишкекте окуучулар I чейректи онлайн окуп бүтүрөт