Президент бир катар облустар менен райондордун сотторун дайындады. Тизме

Жазылуу
Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрүп, анын жыйынтыгында кошумча берилген материалдарды эске алуу менен жергиликтүү сотторго 9 талапкер боюнча Сотторду тандоо кеңешинин сунушуна макул болду.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен бир катар облустар менен райондордун соттору дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Нарын жана Талас облустарына, Чүйдөгү Кемин районуна, Оштун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат жана Чоң Алай райондоруна соттор жиберилди.

Заместитель минобрнауки КР Кудайберди Кожобеков - Sputnik Кыргызстан
ОшМУга жаңы ректор шайланды
Жээнбековго Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна 1 талапкер, Нарын облустук сотуна 2 талапкер, Талас облустук сотуна 2 талапкер, Ош облустук сотуна 1 талапкер, Бишкек шаардык сотуна 1 талапкер, Чүй облусунун Кемин райондук сотуна 1 талапкер жана Ош облусунун жергиликтүү сотторуна 6 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрүп, анын жыйынтыгында кошумча берилген материалдарды эске алуу менен жергиликтүү сотторго 9 талапкер боюнча Сотторду тандоо кеңешинин сунушуна макул болду.

Ким кайда дайындалды:

  • Нарын облустук соту — Гүлсүн Арзыкулова;
  • Талас облустук соту — Бакыт Ибраимов, Марсель Кенжеев;
  • Чүй облусунун Кемин райондук соту — Мирбек Сатарбек уулу;
  • Ош облусунун Алай райондук соту — Алайбек Кожомкулов;
  • Ош облусунун Араван райондук соту — Тилек Бакалбаев;
  • Ош облусунун Кара-Кулжа райондук соту — Канатбек Базарбаев;
  • Ош облусунун Ноокат райондук соту — Азамат Абдираев;
  • Ош облусунун Чоң Алай райондук соту — Эрмек Раимкулов.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0