Жээнбеков Токаевдин сапарына даярдыктын жүрүшү тууралуу кабардар болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Чынгыза Айдарбекова
Президент Сооронбай Жээнбеков принял министра иностранных дел Чынгыза Айдарбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жээнбеков Казакстандын президенти Токаевдин мамлекеттик сапарына жана ЖККУнун жыйынына карата даярдыктар тууралуу кабардар болду.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары 27-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-ноябрда, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековду кабыл алган.

"Министр Казакстандын башчысы Токаевдин 27-ноябрга белгиленген мамлекеттик сапарына карата даярдык тууралуу президентке маалымат берди", — деп айтылат билдирүүдө.

Выступление президента Казахстана К.-Ж. Токаева на открытии сессии парламента - Sputnik Кыргызстан
Нур-Султандын бир бөлүгүндө эки суткадан бери жарык жок. Токаев үн катты
Мындан сырткары, Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан иштер жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле 28-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө турчу иш-чарага Белоруссия, Казакстан, Россия, Тажикстан мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0