Саймаити чуусу: Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоков иштен алынды

© Photo / fsm.edu.trГенеральный консул КР в городе Стамбул Эркин Сопоков
Генеральный консул КР в городе Стамбул Эркин Сопоков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн.

БИШКЕК, 12-ноя. - Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы (Түркия) башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду.

Работа белорусской таможенной службы - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда атылган ишкер Саймаити эки мамлекеттин жараны болгону айтылды
Белгилей кетсек, ишкер Айэркен Саймаити Стамбулдун Фатих аймагындагы мейманканалардын биринин короосунда отурган жеринен атып өлтүрүлгөн. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, ишкерди эки киши артынан машина менен акмалап келип атып, андан кийин ошол эле автоунаа менен из жашырган. Ишкер дароо ооруканага жеткирилгени менен өзүнө келбей каза болгон.

Окуя болгон аймактан алыс эмес жерде токтоп турган консулдукка таандык 34 CC 2092 номерлүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунааны укук коргоо органдары алып кеткен. Жергиликтүү ЖМКлардын жазышынча, консулдук номер жасалма болуп чыккан.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары бул автоунаа Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна тийиштиги бар экенин жазып чыгышкан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги болсо машинага тагылган номер кимге таандык экени такталып жатканын маалымдаган

Жаңылыктар түрмөгү
0