Brexit процессинен кийин кызматташабыз. Боронов билдирүү жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов келерки жылдын жазында Улуу Британиядан аларга бара турган Кыргызстандын тышкы иштер министри баштаган делегациясын кабыл алууга чакырган.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстан Улуу Британия менен Brexit процессинен кийин жаңы эки тараптуу макулдашууну түзүүгө даяр. Мындай билдирүүнү биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Лондон шаарында өткөн Кыргыз-британ инвестициялык форумунда жасагандыгын өкмөттүн маалымат кызматы жазды.

"Биз Бириккен Королдуктагы окуяларга дыкаттык менен көз салып турабыз. Үч жыл мурда референдумда билдирилген британ элинин тандоосун сыйлайбыз. Улуу Британия Европа биримдигинен чыккан соң мындан аркы соода жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жолун аныктаган жаңы макулдашуунун түзүлүшүн күтөбүз", — деген Боронов.

Отставка премьер-министра Великобритании Терезы Мэй - Sputnik Кыргызстан
Тереза Мэй премьерликтен кетип жатып ыйлап жиберди. Видео
Ал Улуу Британиянын Brexit процессинен кийин түзүлө турган өкмөтүн кыргыз тараптын эки жактуу алакаларды өнүктүрүүдөгү жаңы демге умтулуусун колдоо туурасында айткан. Андан сырткары, келерки жылдын жазында Кыргызстандын тышкы иштер министри баштаган делегациясын кабыл алууга чакырган.

Кийинки аптада Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эдил Байсаловду Улуу Британиянын Королевасы Елизавета II кабыл аларын айткан.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0