Одна тысячные сомовые купюры на фоне флага Кыргызской Республики

Элетти өнүктүрүүгө каралган 2 млрд. сом иштетилбей калды. Себеби

159
(жаңыланган 14:46 14.11.2019)
Депутат Төрөбөй Зулпукаров жыл аяктап жатканына карабай бекитилген каражат эмнеге өздөштүрүлбөй жатканына кызыкты.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Быйыл аймактарды өнүктүрүүгө деп каралган эки миллиард сом иштетиле элек. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев паламентте эл өкүлүнүн суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Төрөбөй Зулпукаров жыл аяктап жатканына карабай бекитилген каражат эмнеге өздөштүрүлбөй жатканына кызыкты.

Абылгазиев анын себебин быйыл каражаттарды кайсы жакка жумшоо механизмин иштеп чыгууга көп убакыт кеткени менен түшүндүрдү.

"Эми эки миллиард сомду аймактарды өнүктүрүүгө эмес, мугалимдердин айлыгын жогорулатуу сыяктуу башка максаттарга жумшоону чечтик. Ал эми кийинки жылга "Кумтөр" долбоорунун алкагында бюджетке түшө турчу 4 миллиард сомду аймактарды өнүктүрүүгө жумшайбыз", — деди өкмөт башчы.

Ал эми вице-премьер-министр региондордон 90 долбоор келип түшүп, анын 30у жактырылып 530 миллион сом бөлүү боюнча чечим кабыл алынганын билдирди.

159
Белгилер:
каражат, өнүктүрүү, аймак
Тема боюнча
Аймактарда "Ишкерлерди тейлөө борборлору" ачылат
Кыргызстан алган карызын туура иштетпей 772,2 млн. сом айып төлөдү. Видеоиликтөө