Путин Зеленский менен Казакстанда жолугушууга кандай карайт. Видео

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нурсултан Назарбаев Путин менен Зеленский бетме-бет жолугушуусу керектигин билдирип, Казакстан алар кездешчү жерди таап бере турганын айткан болчу.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Казакстанда жолугушуу сунушу боюнча пикирин билдирди.

12-ноябрда Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев Путин менен Зеленский бетме-бет жолугушу керектигин айтып, Казакстан аларга нейтралдуу аймакты камсыздап бере турганын маалымдаган болчу.

"Нурсултан Абишевич сыйлуу киши. Экөөбүздүн жакын достук мамилебиз бар, абдан тажрыйбалуу саясатчы. Ал Украинада көп жашады, өлкөнү жакшы билет, ага карата симпатиясы бар. Мага дайыма бул өлкөгө болгон мамилеси тууралуу айтып келет. Украина бактысын деңиздин ары жагынан издебеши керек деген пикирде. Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык. Бактыны океандын ары жагынан издебей, коңшулар менен сүйлөшө билүү керек", — деди Путин.

Буга чейин Нурсултан Назарбаев Владимир Зеленскийди шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, Украинага кайдыгер карабай турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0