Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков. Архив

Асылбек Жээнбековдун кирешеси бир жылда 3 эсе азайып кетти

1612
(жаңыланган 15:46 21.11.2019)
Депутаттын учурда көп сандагы малы, 350 миң сомго бааланган бал челеги жана ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген компаниялары бар.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаты, КР президенти Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков 3 миллион 48 миң сом киреше тапкан. Бул туурасында Салык кызматы жарыялаган декларацияда айтылат.

Белгилей кетсек, 2017-жылы депутаттын кирешесинин суммасы 9,5 миллион сомго жеткен болчу. 2018-жылы анын киреше булагы үч эсеге азайып кеткени байкалат.

Мурда аткаминерлер жана депутаттар кирешесин негизги иштеген жумушунан жана кошумча булактардан канча тапканын бөлүп көрсөтүшчү. Бирок соңку жылдары эмнегедир кирешенин жалпы суммасы эле жазылып жатат.

Декларацияга ылайык, Жээнбеков 1500 чарчы метрлик үйгө ээлик кылат. Учурда курулуп жаткан 3500 чарчы метрлик объектиси жана башка 9700 чарчы метр конструкциялары бар. Ошондой эле "Бий-Мырза" ЖЧКсынын 100 пайызын, "Алтын-Көл" акционердик коомундагы 91 пайыздык үлүшүн, Айдарова Г.К деп аталган ишкананы ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергени айтылат.

Эл өкүлү 350 миң сомго бааланган жылкынын, 440 миңдик бодо малдын, 250 миң сомдук кой-эчкинин ээси. Андан тышкары, 350 миң сомдук бал челек кармап, 210 миң сом турган акцияга ээлик кылат. Жалпы наркы 410 миң сом турган эмереги жана 135 миң сомдук тиричилик техникасы, 170 миң сомдук фото, аудио-видеотехникасы жана башка 295 миң сомдук кыймылдуу мүлкү бар.

Ал эми жакын туугандары 350 миң сом (2017- жылы 476 миң сом) иштеп тапкан. Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү жолтандабас айдайт. Баалуу металлдарынын баасы 480 миң сом, эмерек, тиричилик, фото, аудио-видео жана башка техникаларынын наркы 550 миң сомго жетет.

1612
Белгилер:
киреше, декларация, депутат, Асылбек Жээнбеков
Тема боюнча
Үч үйүр жылкы, 500 кой-эчки. Өкмөт башчы Абылгазиевдин кандай байлыгы бар