Президенттин аппараты Матраимовдун айланасындагы иликтөө боюнча үн катты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПервая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года
Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта "Азаттык" менен Kloop журналисттеринин жасаган иликтөөсү чоң резонанс жаратууда. Анда ишкер Айэркен Саймаитинин ишмердүүлүгү, анын Матраимовдор менен байланышы жана ири суммадагы акчанын Кыргызстандан чыгарылышы изилденген.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. "Азаттык" жана Kloop медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсү боюнча КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева билдирүү таратты.

Ушу тапта иликтөө коомчулукта чоң резонанс жаратууда. Анда ишкер Айэркен Саймаитинин ишмердүүлүгү, анын Матраимовдор менен байланышы жана ири суммадагы акчанын Кыргызстандан чыгарылышы изилденип, президент Сооронбай Жээнбековдун аты аталган.

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шыкмаматов: Матраимовдун депкомиссиядан чыгышын талап кылам
Маалыматка караганда, Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турганда, тагыраагы, 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында "Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү" деп аталган инвестициялык форум өткөн. Ага 300дөн ашык адам катышып, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкары Россия, Кытай, Иран, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Кореядан расмий өкүлдөр жана ири ишкерлер келген. 

"Жогоруда аталган 2012-жылы өткөн инвестициялык форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Хабибулла Абдукадырдын иниси келген, Жээнбеков аны менен ошондо таанышкан", — деп айтылат маалыматта.

Форумдан кийин Сооронбай Жээнбеков аталган эки адам менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн президенти Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан.

"Кийин, 2017-жылы, иниси аркылуу Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон. Андан кийин алардын Алмазбек Атамбаев менен мамилеси кандай өнүккөнү Жээнбековго белгилүү эмес", — деди Стамалиева.

Чек ара көзөмөлдөн өтүп жаткан жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
53 млрд. доллар кайда? Кыргызстан менен Кытайдын бажы боюнча эки ача маалыматы
Ал ошондой эле журналисттик иликтөөдө "бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү" деп белгиленгенин, тактап айтканда, бул Атамбаевдин президент болуп турган маалы экенин айтты.

Маалымат катчынын айтымында, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган. Жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы мамлекет башчысы кабыл алган эмес.

"Анын жыйынтыктары белгилүү. Бүгүнкү күндө Атамбаев ага коюлган 5 айып боюнча тергөөдө. Ар кандай күчтөр Сооронбай Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз. Президент Сооронбай Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз", — деди Стамалиева.

Эгер президенттин бул ишке байланышы болсо, иликтөөнүн авторлору аны тастыктаган өз жүйөсүн сөзсүз келтирмектиги белгиленди.

"Материалда маанилүү аргумент катары Хабибулла Абдукадырдын Жээнбековдун инаугурациясынан тартылып алынган сүрөтү келтирилип жатат. Мында элдин эмоциялык кабыл алуусуна таасир этүү аракети көбүрөөк. Бирок бул эмоционалдык штрих дагы негизсиз. Анткени өлкөнүн шайланган президенти Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Алмазбек Атамбаевдин аппараты тескеген. Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган", — дешти маалымат кызматынан.

Стамалиеванын айтымында, президент журналисттик иликтөөлөр коомчулукка, укук коргоо органдарына өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол болгон башкы көйгөй — коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин ар дайым белгилейт. Ошондуктан материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулат.
Мындан сырткары, буга чейин Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Түркиянын Башкы прокуратурасына Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылганы айтылды. Ошондой эле Саймаитинин ысымы Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, анын Кыргызстандын жараны эмес экендигине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышары белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0