Жээнбеков, Атамбаев жана агасынын Райым Матраимов тууралуу айткандары

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг сторонников бывшего президента Алмазбека Атамбаева в Бишкеке
Митинг сторонников бывшего президента Алмазбека Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Материалга ЖК депутаты Искендер Матраимовдун, президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары чогултулду. Буга кесиптештердин Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовго байланыштуу жасаган иликтөөсү себеп болду.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов ЖМКлардын бир тууган иниси, Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимов тууралуу жазганына нааразы болгон. Үстүбүздөгү жылдын июль айынын аягында "Азия Ньюс" гезитине курган маегинде үй-бүлөлүк бизнес соодага байланыштуу экенин, иш 1999-2000-жылдары өсүп-өнүккөнүн айтып берген. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов
Жээнбеков, Атамбаев жана агасынын Райым Матраимов тууралуу айткандары - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов

Анын айтымында, Райымбек Матраимов мамлекеттик кызматкер болгондуктан бизнесинин баарын ишенимдүү башкарууга өткөрүп берген. Депутат инисин "атайын каралап жатат" деп экс-президент Алмазбек Атамбаевди күнөөлөгөн. Искендер Матраимов Атамбаев ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковго Матраимовду инаугурация салтанатына чейин жумуштан алуу боюнча буйрук бергендигин айтууда.

"Президенттик шайлоого чейин тынч жашаган үй-бүлө элек. Бизнесибизди кылып, мамлекетке зыяныбыз тийген эмес", — деген Искендер Матраимов.

Первая пресс-конференция президента Сооронбая Жээнбекова по итогам 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Президенттин аппараты Матраимовдун айланасындагы иликтөө боюнча үн катты
Муну менен бирге ал өзүнүн байлыгы тууралуу да маалымат берген. "5-каналдан" жубайы 1995-жылдан тарта жеке ишкер экенин, уулу дагы бизнес менен алектенерин айткан. Мындан тышкары, атасынын аты ыйгарылган "Исмаил Ата" фондуна кайрымдуулук менен алектенген адамдардан акча каражаты келип турарын билдирген. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматтын маалыматына ылайык, 2014-жылдан бери "Исмаил Ата" фондуна 1,4 миллион доллар акча которулган.

ЖК депутаты иниси Райым Матраимовго түркиялык холдингден жетекчилик кызмат сунушталганын да айткан.

Жээнбековдун айткандары

Президент катары алгачкы маалымат жыйынын өткөрүп жаткан Сооронбай Жээнбековго өлкө башчынын жакын адамы аталган Матраимов тууралуу суроо берилген. Мамлекет жетекчиси бир тууган Матраимовдор 15 жыл бою Кыргызстандын социал-демократиялык партиясына иштеп бергенин айткан.

"Сегиз жылдай Матраимовго көңүл бурурбай келип эле эмнегедир мен президент болуп келгенден кийин эле аны мага жакындаштыра башташты. Ал мага чейин деле иштеген, жакында эле иштен алынышы боюнча сотто өкмөттү утуп алды. Бул чечимди да мага байланыштырып жатышат. Матраимов мен президент боло электе жакшы экен да, президент болгондон кийин жаман болуп калыптыр. Ушул кантип акылга сыйсын", — деген Жээнбеков.

Атамбаевдин айткандары

Алмазбек Атамбаев Матраимовду президенттиктен кеткенден кийин гана сынга ала баштады. Өз сөзүндө ал мурунку орун басардын бажыдагы коррупцияга тиешеси бар экенин айтып, бир туугандарды "азыркы президенттин капчыгы" деп атаган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАлмазбек Атамбаев КСДПнын митингинде
Жээнбеков, Атамбаев жана агасынын Райым Матраимов тууралуу айткандары - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев КСДПнын митингинде

Мындан тышкары, Атамбаев ЖМКлардын анын Матраимов менен жакын байланышы тууралуу жазганына да түшүндүрмө берген.

"Маалымат каражаттары мени Райым миллион менен чайлашып жүргөн деп жазып жатышат. Мен Райым миллион дегенди өмүрүмдө бир эле жолу, 2010-жылы Курсан Асановдун (ошол кезде ички иштер министринин орун басары болчу — ред.) үйүнөн көрдүм. Көп эле киши чай куюп жүргөн. Андан башка баш оорум жетишерлик болчу, Ош менен Жалал-Абад күйүп кеткен, свет жок, акча жок", — деген Атамбаев 8-июнда өткөн КСДПнын митингинде.

Окуянын чоо-жайы

Бажы кызматынын жетекчисинин орун басарлыгынан Матраимовду 2017-жылы ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков ишенимден кетти деген жүйө менен алган. "Райым миллион" деген каймана аты бар мурунку аткаминер өкмөттү сотко берип, үч инстанцияда утуп алган.

Кызматтан алынышына байланышкан соттук иштерден улам Матраимов мыйзамсыз баюу боюнча кылмыш иштин фигуранты болуп калган. Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызмат ишти ушул жылдын башынан бери эле иликтеп келе жатат.

Депутат Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Искендер Матраимов иликтөөдөгү айыптоолорго жооп берди
Ал арада ишке журналисттер да кошулду: "Азаттык" радиосу Кыргызстандан Матраимовдорго тиешелүү болушу мүмкүн делген компаниялар аркылуу 700 миллион доллардын чыгып кетиши тууралуу иликтөө жасады. 

Кечээ кечинде "Азаттык" радиосунун, OCCRP жана Kloop менен биргелешкен иликтөөсү чыгып, анда Матраимовдордун кланы башка таасирдүү кландын үй-бүлөсү — Абдукадырлар менен бирге бизнес жасагандыгы айтылган. Материал 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбул шаарында Айэркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнө негизделген.

Иликтөөдө Саймаити Абдукадырлардын үй-бүлөсүнүн акчасын кантип адалдагандыгын айтып берген. Өлүм алдында Саймаити журналисттерге алардын коррупциялык системасы боюнча документтеринин бир бөлүгүн берип, ал эми калгандарын тапшырууга жетишпей калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0