Искендер Матраимов Финполдун башчысын жарга такады

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат тармактык комитеттин жыйынында Финполдун башчысы Бакир Таиров интервью берип, "коррупциялык ишке Райым Матраимовдун тиешеси бар" деп айтканы боюнча маалымат тараганын айтты.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бакир Таировдон иниси Райым Матраимов бажыдагы коррупциялык схемага аралашкан деген маалыматын тастыктоону талап кылды.

Ал тармактык комитеттин жыйынында ЖМКлардын бирине интервью чыкканын айтып, Кыргызстандан мыйзамсыз түрдө 700 миллион долларды чыгарып кетүү схемасына "Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун тиешеси бар" деп айтканын билдирди.

"Ушул маалыматты тастыктайсызбы? Беш-алты айдан бери иликтеп жатасыз... Ал кандай акча экенин айтып, баарын түшүндүрүп бериңиз. ЖМК жазып жатат, мен кимге ишенейин, айтып коюңузчу?" — деп кайрылды депутат Финполдун башчысына.

Ага Таиров "мен антип айткан эмесмин" деп жооп берди.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финпол: Кыргызстандан 700 млн. эмес, 900 млн. доллар чыгарылган
"Мен бул жөнүндө маселе көтөрбөйүн дедим эле. 700 миллион доллар эмне акча экенин көбү билет, депутаттар да билет. Бирок ага карабай саясатка аралаштырышууда. Эмне үчүн ошол убакта иштеген Бажы кызматынын төрагалары эмес, орун басары жооп бериши керек? Бир каза болгон уйгурдун сөзүнө ишенип жаза бересиңер. Эмнеге иликтөөнү тастыктап туруп чыгарбадыңыздар", — деп журналисттерге суроо салды Матраимов.

Учурда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйыны өтүүдө. Депутаттар аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди талкуулап жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0