Казак президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКазакстандын президенти Касым Жомарт-Токаев. Архив
Казакстандын президенти Касым Жомарт-Токаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапардын алкагында президенттер "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келди. Аны Бишкектеги "Манас" эл аралык аэропортунан президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды.

Аэропортто Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

"Мамлекеттик визиттин алкагында Касым-Жомарт Токаев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугат. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 5-жыйыны өтүп, жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат", — деп президенттин маалымат кызматы билдирди.

Сапардын алкагында президенттер "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барышат.

Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев 28-ноябрда Бишкекте боло турган Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги отурумуна катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0