Токаев казак-кыргыз мамилесиндеги Жээнбековдун орду тууралуу айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента Казахстана Касым-Жомарта Токаева в Кыргызстана
Государственный визит президента Казахстана Касым-Жомарта Токаева в Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки мамлекеттин башчылары "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, куран түшүрүштү.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Аны аэропорттон президент Сооронбай Жээнбеков өзү тосуп алды. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента Казахстана Касым-Жомарта Токаева в Кыргызстана
Токаев казак-кыргыз мамилесиндеги Жээнбековдун орду тууралуу айтты - Sputnik Кыргызстан
Государственный визит президента Казахстана Касым-Жомарта Токаева в Кыргызстана

Эки мамлекет башчысы "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, куран түшүрүштү. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосвизит президента РК Касыма-Жомарта Токаева в Кыргызстан
Токаев казак-кыргыз мамилесиндеги Жээнбековдун орду тууралуу айтты - Sputnik Кыргызстан
Госвизит президента РК Касыма-Жомарта Токаева в Кыргызстан

Андан соң тараптар "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында алгач тар чөйрөдө, андан кийин кеңири курамда жолукту. Жыйын учурунда Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевге мамлекеттик сапары менен келип кетүү чакыруусун кабыл алганына ыраазычылык билдирди. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевГосударственный визит президента Казахстана Касым-Жомарта Токаева в Кыргызстана
Токаев казак-кыргыз мамилесиндеги Жээнбековдун орду тууралуу айтты - Sputnik Кыргызстан
Государственный визит президента Казахстана Касым-Жомарта Токаева в Кыргызстана
"Кыргыздар менен казактар — бир тууган элбиз. Биздин өңүбүз, тилибиз, каада-салтыбыз, маданиятыбыз опокшош, дилибиз да бир. Элибизде "алыскы туугандан жакынкы коңшу артык" деген жакшы сөз бар. Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири Казакстан менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүү болуп саналат", — деди Жээнбеков.

Ал өз сөзүндө Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда ар тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтык өнүгүп жатканын белгиледи.

Саммит ШОС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Токаев: Кыргызстан капиталынын казак экономикасынын өнүгүшүнө ири салымы бар
Ал эми Касым-Жомарт Токаев Казакстан бир дагы мамлекет менен Кыргызстан менен кызматташкандай кызматташпай турганын айтты. Андан сырткары, Кыргызстан Казакстан үчүн бир тууган коңшу экенин белгилип, эки элдин мамилеси миңдеген жылдардан бери келе жатканына токтолду. Ошондой эле ата-бабалар бири-бирине кыйын кезеңде жардам берип келгенин, бүгүнкү күнү да кылымдардан бери калыптанып калган мамилени сактап, өнүктүрүү аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Токаев эки мамлекеттин карым-катнашындагы жагдайлар, чек аралардын чектешкени, транспорт жолдору жана ЕАЭБге мүчө болгондугу да маанилүү ролду ойной турганын айтты.

"Кыргызстан Казакстандын Борбор Азиядагы мамлекеттер арасында экинчи соода өнөктөшү. Эки мамлекеттин ортосундагы товар айлануу үч жылдан бери өсүү жолунда", — деди ал.

Всемирные игры кочевников-2016 на Иссык-Куле - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Казакстанды бир туугандыктан башка дагы эмне байланыштырып турат
Казак президенти Казакстан Кыргызстандын экономикасына 1 миллиарддан ашык доллар инвестиция салганын жана Кыргызстанда казак капиталынын үлүшү бар эки миңден ашык ишкана-мекеме иштей турганын билдирди. Ошол эле кезде Казакстанда кыргызтандыктар катышкан миңден ашык мекеме-ишкана бар экенин белгиледи.

Бүгүнкү эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюу пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0