Эми Жээнбеков менен Абылгазиев бажыдан өткөн товарларды онлайн көрүп турат

Жазылуу
Быйыл эле бажы бекеттерине 472 видеокамера орнотулуп, беш постко инспектордук көзөмөлдөөчү комплекстер коюлган.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жаңы жылдан тарта бажы көзөмөл бекеттеринен кандай автоунаа эмне товар ташып бара жатканын президент Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев онлайн режимде көзөмөлдөп турат. Бул туурасында өкмөт башчы парламентте 2019-2020-жылга карата бюджет мыйзамы боюнча баяндама жасап жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда жетекчилердин кабинетине онлайн-система орнотулуп жатат. Мунун натыйжасында бажы көзөмөлү жакшырып, көмүскө иштерге бөгөт коюлат.

"Бажы тармагындагы процедуралардын баарын санариптештирип, ташып келинген товарлардын баарын эсепке алышыбыз керек. Быйыл эле бажы постторуна 472 видеокамера орнотулду. Беш постко инспектордук көзөмөлдөөчү комплекстер коюлду. Өзүм "Эркеч-Там" бажы бекетине барып көрүп келдим. 10 миллион долларга коюлган жабдык унаанын канча чоң экенине карабай ичинде эмне товар бар экенин аныктай алат. Ал декабрдын аягынан баштап толук ишке кирет", — деди Абылгазиев.

Ошондой эле өкмөт башчы онлайн көзөмөлдөө "Түндүк" системасына киргизилип, ачык-айкындуулук болорун белгиледи. Анын алкагында атайын сайт ачылып, өтүп жаткан товарларды ар бир кыргызстандыктын көрүп туруусуна мүмкүнчүлүк түзүлмөчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0