Бишкекте 6 мамлекеттин башчылары чогулуп, сүйлөшүүдө. ЖККУ саммити башталды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүЗаседании Совета коллективной безопасности ОДКБ в узком составе.
Заседании Совета коллективной безопасности ОДКБ в узком составе. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Кыргызстанды кошпогондо Бишкекте төрт мамлекеттин президенттери — Белоруссия, Казакстан, Россия жана Тажикстан башчылары менен Армениянын премьер-министри жүрөт. Алар эл аралык жана аймактар ортосундагы коопсуздук маселесин талкуулап жатат.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин тар чөйрөдөгү жолугушуусу башталгандыгын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билдирди.

Жыйынга Кыргызстандын жетекчиси Сооронбай Жээнбеков, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын башчысы Касым-Жомарт Токаев, Россия лидери Владимир Путин, Тажикстан башчысы Эмомали Рахмон жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышууда.

Кыргызстан Россияга ЖККУ төрагалыгын четинен өткөрүп берүүдө. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Россияга ЖККУ төрагалыгын четинен өткөрүп берүүдө. Видео
Тар чөйрөдө мамлекеттин башчылары эл аралык жана аймактар ортосундагы коопсуздук, тажик-афган чек арасын бекемдөө маселесин жана уюмдун мүмкүнчүлүгүн арттырууну талкуулашмакчы.

Андан соң кеңири чөйрөдөгү жыйын башталып, анын соңунда алты документке кол коюлат.

Жамааттык коопсуздук жаатындагы уюмду түзүү келишимине 27 жыл мурда, 1992-жылдын 15-майында, кол коюлган. ЖККУнун башкы максаты — аталган биримдикке кирген өлкөнү тышкы саясий агрессиядан, эл аралык террорчулуктан жана жаратылыш кырсыктарынан сактоо.

Уюмда ар бир өлкөнүн добушу бар, бардык маселе же суроо консенсус менен чечилет. Союздаш мамлекеттер бири-бирине кыйын учурда жардамга келүүгө даяр.

Бул уюм туурасында кеңири маалымат алууну каалагандар Sputnik Кыргызстандын видеоинфографикасынан көрсө болот.

Sputnik Кыргызстандын түз алып берген баяндамасынан ЖККУнун Бишкектеги саммити кандай өтүп жаткандыгын окуп жана көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0