Кыргызстандын ЖККУдагы төрагалыгы. Аткарган иштердин жыйынтыгы чыкты

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүЖККУ мамлекеттеринин желектери. Архив
ЖККУ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент эл аралык жана регионалдык түзүмдөр менен кызматташтыктын кеңейип жатканын да белгиледи. Жалпысынан уюмга төрагалык кылган мезгил ичинде алдыга коюлган пландар ийгиликтүү ишке ашкан.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргызстандын уюмга кылган төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды.

Эске салсак, Бишкекте ЖККУнун саммити өтүп жатат.

"Кризистик жооп кайтаруу борборун укуктук тариздөө аягына чыгарылды. Аскерий, аскерий-экономикалык жана аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар жасалды. Бир катар ири машыгуулар, анын ичинде Россияда алгачкы ирет "Эшелон" атайын машыгуулары өткөрүлдү. Тажикстанда "Бузулбас боордоштук" жана Россияда "Өз ара иш-аракет" биргелешкен машыгуулары өткөрүлдү", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле натыйжада ЖККУга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн иш-аракеттери шайкеш болушуна жетишилгенин жана алардын күжүрмөн даярдыгы жогорулаганын белгиледи.

Символика ОДКБ в зале заседания госрезиденции Ала-Арча перед началом заседания Совета коллективной безопасности ОДКБ под председательством Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Россия Кыргызстандан ЖККУдагы төрагалыкты өткөрүп алды
"Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү маселеси да дайыма көңүл борборунда болду. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн "Эдельвейс" полигонунда "Гром" тактикалык атайын машыгуулары өткөрүлдү", — деди президент.

Жээнбеков эл аралык жана регионалдык түзүмдөр менен кызматташтыктын кеңейип жатканын да белгилеп, жалпысынан уюмга төрагалык кылган мезгил ичинде алдыга коюлган пландар ийгиликтүү ишке ашканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0