БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 28-ноябрда, Бишкекте ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Кыргызстандын төрагалыгын жыйынтыктоочу сессиясы болуп өттү.
Кол коюлган документтер:
— Глобалдык жана регионалдык коопсуздукту бекемдөө максатында эл аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты өркүндөтүү жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Билдирүүсүнүн долбоору жөнүндө;
— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
— "ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим долбоору тууралуу;
— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун органдарынын процедуралар эрежесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" долбоор тууралуу;
— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "БУУнун 2019-2021-жылдарга Глобалдык контртеррористтик стратегиясын ишке ашыруу боюнча уюмга мүчө мамлекеттердин жамааттык аракеттеринин планы жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Тажик-афган чек ара боюндагы чыңалууну азайтууга багытталган кошумча чаралардын тизмеги жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жана тажрыйба-конструкторлук иштерди уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин туруктуу аракеттеги операциясы ("ПРОКСИ" операциясы) жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун коргоо министрлер кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун бюджетинин аткарылышы тууралуу отчет жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
— ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин "Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" чечиминин долбоору тууралуу;
— Уюмга төрагалык кылуу, ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сесиясын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө.
Белгилей кетсек, уюмга төрагалык кезеги Россияга берилди.
Бул келерки жылы, 2022-жылы, ишке ашырылмакчы. Заманбапташтырылган кеме РФ флотун чыңдайт. Бул туурасындагы Андрей Коцтун макаласы РИА Новости сайтына жарыяланган.
1144 "Орлан" долбоорунун крейсерлери – дүйнөдө авиаташуучулардан кийинки ири аскердик кемелер. Сыйымдуулугу — 25,8 миң тонна, узундугу — 250 метр, туурасы — 28,5 метр, экипаж — 760 киши. Россиянын бул типтеги эки вымпели — экинчи, Түндүк флоттун курамындагы "Петр Великий", ал "Нахимов" катарга кошулгандан кийин заманбапташтырылууга жөнөтүлөт. Маңызында экөө тең каалаган бутасын талкалай алчу толук куралданган деңиз платформасы болуп саналат. Стандарттык комплект П-700 "Гранит" кемеге каршы коргонуу ракеталарын кое берүүчү 20 орнотмо, "Оса-М" зениттик-ракеталык комплекстери, "Кинжал" жана ыраакка ок атуучу С-300Ф "Форт", "Метель" жана "Водопад" кемеге каршы коргонуу ракета-торпедалары, реактивдүү бомбомет жана АК-130 автоматтык кош стволдуу замбиректен турат. Атомдук энергетикалык орнотмосу, автономдуулугу эки айды, ылдамдыгы 31 узелди түзөт. Сүзүү аралыгы дээрлик чектелбейт.
Анткен менен кемелердин баары акырындап эскирип барат. Эгер 80-жылдардын аягы, 90-жылдардын башында "Орлан" кемелери кандай гана кас болбосун катыгын берип келген болсо, бүгүн абал ал убактагыдай эмес. Россияда азырынча биринчи рангдагы ири аскердик кемелерди курууда кыйынчылыктар болгондуктан, РФ Коргоо министрлиги колунда бар кемелерди заманбапташтырууну жана биринчи кезекте аларды жаңы курал менен жабдууну чечкен.
"Адмирал Нахимовду" 1999-жылы эле ремонтко жөнөтүшкөн, бирок крейсерди оңдоо иштери бул тармакка олуттуу каражат бөлүнгөн убакта, тагыраак, 2013-жылы гана башталган. 2015-жылы Северодвинскидеги "Севмаш" ишканасында кеменин эскилиги жеткен жабдуусу чыгарылып, корпусун баалоо иштери жүргөн. Кемени заманбапташтырууну 2018-жылы аяктоону чечишкен, бирок мөөнөт бир нече ирет узартылган. Иштин жүрүшүндө ремонт иштери өзгөртүлүп, борттук жабдуу жана куралдануусуна улам жаңы табылгалар киргизилип турган.
Былтыр май айында РФ коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко оор крейсер биринчилерден болуп гипер үндүү "Циркон" ракеталарын алышарын билдирген. Алар бутасына үндөн тогуз эсе ылдам учуп, абадан коргонуунун эч бир тутумуна кармалбайт.
1000 чакырым чакты аралыкка жете алчу "Циркон" америкалык үнгө чейинки "Гарпун" кемеге каршы коргонуу ракеталарын артка калтырат (алардыкы 130 чакырым). "Орлан" кемелери дайым кубаттуу абадан коргонуучу кеме тутуму менен өзгөчөлөнүп келген. Заманбапташтырууга дейре "Нахимовдо" алыска атуучу С-300Ф "Форт" зениттик-ракеталык системасы менен жабдылган. Эми ал С-400дүн кыйла жакшыртылган аскердик-деңиз вариантына ээ болот.Ар кыл типтеги зениттик ок-дары менен атуучу бул комплекс "көзгө көрүнбөс" учактарды жана башка аба, анын ичинде канаттуу жана баллистикалык буталарды да колго түшүрө алат.
40Н6 ракеталык системалары 400 чакырымга чейинки аралыктан объектилерди талкалайт. "Адмирал Нахимовго" С-400 зениттик-ракеталык тутумдун ок атуучу 96 шахтасы жайгаштырууну боолголоп жатышат, анда бул дүйнөдөгү абадан жасалган чабуулдан эң мыкты корголгон кемеге айланып чыга келет.
Мындан тышкары, жакынкы аймакка ыңгайлашкан "Кортик" зениттик-ракеталык комплекси андан кыйла заманбап "Панцирь-МЕ", ал эми "Оса-М" зениттик ракеталары "Редут" жаңы ракеталарына алмаштырылат. Бирок көбүнесе сокку уруучу комплекстери заманга бапташтырылмакчы.
"Циркондордон" сырткары "Адмирал Нахимов" П-800 "Оникс" кемеге каршы коргонуу ракеталары жана 2500 чакырымга чейинки аралыкка жете алчу "Калибр" канаттуу ракеталары менен куралдандырылат. Алардын баары 80 ячейкадагы ок атуучу ЗС14 вертикалык орнотмолордон кое берилет. Аларды монтаждоо үчүн кемеден П-700 "Гранит" комплексин алып салууга туура келген.
Крейсердин кемеге каршы коргонуу куралдануусу да жаңыртылат. "Адмирал Нахимов" кемени жакынкы аралыктарда торпеда жана суу түбүндөгү кайыктардан коргой турган "Пакет-НК" комплексин алат. Бул система эки типтеги ок-дарыга: МТТ жылуулук торпедалары жана торпедаларга каршы коргонуучу реактивдүү М-15ке ээ. Биринчиси 20 чакырым аралыктан 600 метрге чейинки тереңдиктеги субмариналарды талкалай алат. Экинчиси кемеге чабуул койгон 1,4 чакырымга чейинки аралыктан 800 метрге дейре тереңдиктеги торпедаларды кармай алат.
"Пакет-НК" болушунча автоматташтырылган, өз алдынча бутаны байкап, тааный алат. Кыймылынын параметрлерин аныктап, торпедага жана кемеге каршы коргонуучу торпедага так бута көрсөткүчтөрүн берет. Эки ок-дары тең жетишерлик ыкчам жүрө алат, ылдамдыгы — 50 узел (саатына 92 чакырым).
Албетте, крейсердин электрондук ички курамы да эң заманбап тутумга алмаштырылып, бул кеме экипажынын кырдаалдан кабар алып туруусун алда канча жогорулатат, борттук куралды колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Булардан тышкары, крейсер байланыш жана навигациянын соңку үлгүдөгү системалары, ошондой эле заманбапташтырылган палубалык Ка-27М үч тик учагынан турган авиотоп менен камсыз болмокчу. Бул машиналар экипажга болжолдуу душмандын суу түбүндөгү кайыктарын табууну бир топ жеңилдетет.
Ирак, Катар жана Марокко (Африкалык континенттин түндүк-батышы) да С-400дү сатып алуу процессинде. Планета боюнча С-400 зениттик ракеталык системаларын ийгиликтүү жайылтуунун негизи – жакын аналогдорунун жоктугу, уникалдуу аскердик мүнөздөмөлөрү. Аталган тутумдун экспорттук дараметине аскерий баяндамачы Александр Хроленко токтолгон.
Беларусь Республикасынын Куралдуу күчтөрдүн Аскердик-аба күчтөрү жана абадан коргонуу бөлүгүнүн командачысы, генерал-майор Игорь Голуб 14-январда С-400 "Триумф" жаңы тутуму менен куралдана турганын жарыялады. Бул системалар АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн бешинчи муундагы F-22 жана F-35 истребителдеринин (НАТО жүздөгөн F-35ти Европага жайгаштырууну пландайт) аскердик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен атайын иштелип чыккан.
Мындан тышкары, куралдуу күчтөрдө "Панцирь-С" зениттик ракеталык-замбиректик комплексин өздөштүрүү боюнча келишим алдындагы иштер жүрүп жатат. МИ-35 көп буталуу сокку уруучу тик учактары, россиялык өндүрүштөгү СУ-30СМ истребителдеринин экинчи партиясы менен жабдууга келишим түзүлгөн.
Беларусь Республикасынын асманы бардык агрессорлор үчүн жеңилгис чепке айланууда. Аскердик-аба күчтөрүнүн бөлүктөрү жана Абадан коргонуу күчтөрү өтө татаал кырдаалда, душман тарабынан ракеталык курал жана учкучсуз учуучу аппараттар пайдаланылган сириялык, ливиялык жана карабахтык тажрыйбаны эске алуу менен аскердик милдеттерди аткарууну үйрөнүшөт.
Россия менен активдүү аскердик-техникалык кызматташуу дүйнөнүн элүү өлкөсүнүн, анын ичинде КМШнын жети өлкөсүнүн коопсуздугун жана суверенитетин бекемдейт. Чет өлкөлүк адистер РФ өндүрүшүндөгү аскердик учак жана абадан коргонуу тутумдарынын жөндөмдөрүн кыйла таасирдүү инструменттер деп эсептешет.
Кытай С-400 "Триумф" зениттик ракеталык тутумдарынын биринчи чет өлкөлүк буюртмачысы болгон. ЗРС С-400 эки полктук комплекти боюнча россиялык-кытай келишими тууралуу 2014-жылдын ноябрында белгилүү болгон.
Бир комплекттин курамында мобилдик командалык пункту, ракета кое берүүчү эки дивизиондук орнотмосу, радиолокациялык станциялар, эки типтеги 120дан ашуун тескелүүчү жаңы ракета бар.
Кытайлык адистер 2018-жылдын декабрында "Триумфтардан" ийгиликтүү ок атып көрүшкөн. Система 250 чакты чакырым аралыктан секундасына 3000 м ылдамдыкта учуп бараткан баллистикалык бутасын кыйраткан.
С-400 системасынын экинчи полктук комплектин Кытай 2019-жылдын декабрында алган. Кытайда россиялык "Триумфтардын" негизги артыкчылыктары – 400 чакырымга чейинки аралыктан аракет этип (бул дүйнөдө "жер – аба" тибиндеги эч бир ракеталык системанын колунан келбейт), согуштук аракеттердин жүрүшүндө бута көрсөткүчтөрүн, алыскы аралыктан шпионажды токтотуу үчүн душмандын ыраак радиолокациялык кармоочу учактарын жок кыла алышы.
С-400 системалары КЭРдин тегерегиндеги перифериялык жана талаштуу райондорун ынанымдуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Россия жана Түркия С-400 "Триумф" ЗРС боюнча 2017-жылы макулдашышкан. Келишим наркы – 2,5 миллиард доллар. Бул түркиялык-америкалык алакаларда олуттуу каатчылык жараткан.Санкциялар, ошондой эле Түркияны америкалык F-35 истребителин жасоо программасынан чыгарарын айтып коркутуу менен Вашингтон келишимден баш тартып, тек гана америкалык Patriot комплекстерин сатып алууну талап кылган.
Анкара АКШнын ультимативдик талаптарына моюн сунбастан, 2019-жылдын жайында С-400 ЗРС төрт дивизионун (алгачкы комплект) алган. Түркия экинчи комплектти сатып алууга жана өлкөнүн маанилүү объектилерин калкалоо үчүн эң ынанымдуу жана заманбап тутумдарын түзүүгө ниеткер.
Анкарага жакын жайгаштырылган С-400 сыноолордун жүрүшүндө 600 чакырым аралыктан радиолокациялык системалардын аракет аймагынын чегиндеги F-16 Fighting Falcon истребителин байкаган. Башкача айтканда, аба буталарын табуу жана жок кылуу автоматтык режимде жүргүзүлгөн аскердик күзөт режиминде F-16 Fighting Falcon истребителдери Анкарадан 400 чакырым аралыктан "Триумф" тарабынан жок кылынышы ыктымал. Аталган эки өлкө С-400 зениттик ракеталык тутумдарынын экинчи комплектин (полкун) алуу жөнүндө 2020-жылдын июнунда принципиалдуу түрдө макулдашышкан. Индия 2018-жылдын октябрында С-400 зениттик ракеталык тутумдарынын беш комплектин алууга 5,43 млрд. долларлык келишим түзгөн. Делидегилер АКШнын болуп көрбөгөндөй кысымына карабастан, чечкиндүү түрдө ниеттенген.
The Times of India басылмасынын маалыматы боюнча, россиялык "Триумфтарды" Индия батыш, түндүк жана чыгыш аймактарында (Кытай жана Пакистан тараптан коркунуч спектрин эске алуу менен) жайгаштырып, өлкөнүн абадан коргонуу тутумдарында революция кылат.С-400 зениттик ракеталык тутумдарын пайдаланууну үйрөнүү жана аскердик колдонуу үчүн 100 индиялык адистен турган алгачкы топ Россияга ушул айдын аягына чейин келет. Индияда "Триумфтардын" биринчи полктук комплекти менен 2021-жылдын аягында куралдануу пландалган. Россия С-400 ЗРС полктук комплектин бешөөнү тең 2025-жылга дейре тапшырып берүүгө ниеттенет.
"Триумфтарды" сатып алуу боюнча Марокко, Катар, Ирак сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мурдараак С-400 россиялык зениттик ракеталык тутумдарын сатып алууга Алжир, Вьетнам, Египет, Сауд Аравиясы, жалпы 12ден ашуун өлкө кызыкдарлыгын билдирген.
Чет өлкөлүк суроо-талап экспортчунун сунушунан жогору (Россия бул маселеде Аба-космостук күчтөрүнө артыкчылык берет). АКШнын санкциялар аркылуу душмандарга каршы аракет жөнүндөгү мыйзамга (ага президент Дональд Трамп 2017-жылдын августунда кол койгон) ылайык бул өлкөлөргө санкцияларды киргизе алат.
Ыраак аралыктан абадан коргонуу тутумундагы мыкты С-400дү дүйнөдө эч ким токтото албайт. "Триумф" системалары дүйнөнү өзгөртүүдө. Эгер С-400 зениттик ракеталык тутумдарды, мисалы, Иран сатып алса, Персид булуңунун аймагындагы АКШ авиаташуучулары таптакыр пайдасыз оюнчукка айланып калат.
Вашингтон дүйнө таануу концепциясын аргасыз түзөтүүгө, Иран менен диалогунда "өз стилин кайра карап чыгууга" туура келет. Бул Иракта эбак башталган.
Ар кыл типтеги ракеталарды пайдалануу гипер үндүү буталарды, аскердик авиацияны, учкучсуздарды, канаттуу, тактикалык жана баллистикалык ракеталарды 5 метрден 30 чакырымга чейинки бийиктиктеги, 400 чакырымдан 2 чакырымга чейинки аралыктагы жетиштүү диапазондо майнаптуу кыйратууга мүмкүнчүлүк берет.
"Триумфтун" бир батареясы 72ге чейин мээлөөчү ракеталарга ээ болушу мүмкүн, секундасына 4800 метрге чейинки ылдамдыкта учуп бараткан 36га чейинки бутаны бир убакта аткылай алат.
С-400 системасы ар кыл типтеги зениттик ракеталык комплекстерин (С-300, Панцирь-С1, Тор-М1) интеграциялап, радиоэлектрондук каршы аракет этүүнүн ар кандай шартында ар кыл ыраактыктан абадан коргонуу тутумдарын тескей алат.
Ал ортодо быйыл россиялык аскердик бөлүктөр 200 чакырымга чейинки бийиктиктеги согуштарга даяр С-500 революциялык системасына ээ болот. Россиянын аскердик-техникалык кызматташтык боюнча өнөктөштөрү жаңы кезектен орун ээлей берсе болот.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Нарын районунда курамында алтын бар делген ак түстөгү таштарды мыйзамсыз негизде алып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
16-январь күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Мал уурулук" аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чараларын өткөрүшкөн.
Анын алкагында таңкы саат 05:50лөр чамасында Нарын районунун аймагынан УАЗ үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерилген.
"Натыйжада Нарын районунун беш тургуну Солтон-Сары жайлоосунун Көл-Төр аймагынан курамында алтын бар делген ак түстөгү үч капка салынган таштарды алып келе жаткан жеринен кармалган", — дешти милициядан.
Факты Нарын РИИБи тарабынан каттоого алынды. Ак түстөгү таштарга тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.