Президент Жээнбеков Ташкентке учуп кетти. Коштоп жүрчүлөрдүн тизмеси

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента Сооронбая Жээнбекова в Астану
Рабочий визит президента Сооронбая Жээнбекова в Астану  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген.

Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында президент Сооронбай Жээнбековдун өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен жолугушуусу болот.

Расмий делегациянын курамы:

  • Чыңгыз Айдарбеков — тышкы иштер министри;
  • Данияр Сыдыков — президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • Ибрагим Жунусов — Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси;
  • Жеңиш Разаков — вице-премьер-министр;
  • Санжар Муканбетов — экономика министри;
  • Жанат Бейшенов — транспорт жана жолдор министри.

Эске салсак, биринчи консультативдик жолугушуу 2018-жылдын 15-мартында Нур-Султан шаарында (Казакстан) өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0