"Россия Франциянын аймагынан Европага чабуул койду". Өч алмайбы?

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЦеремония прощания с Жаком Шираком
Церемония прощания с Жаком Шираком - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыш басма сөзү ушул тапта "Францияда орус диверсанттарынын базасы табылды" деген чуулуу маалыматты кызуу талкуулоодо. Макалада окуянын күңгөй-тескейи каралмакчы.

NBC: "Орус агенттери француз Альп тоолорундагы жаналгычтар үңкүрүнөн сокку урууга даярданышкан. Чалгындын өкүлдөрү". The Telegraph: "Россиянын тыңчылары француз Альп тоолорун Британия жана башка өлкөлөргө кол салууга лагерь катары пайдаланган". Бул өңдүү макалалар ушул тапта батыштын маалымдоо каражаттарында жайнай түштү.

НАТОнун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
НАТОдогу пикир келишпестиктен Россия утабы же утулабы. Саресеп
Материалдардын бардыгы франциялык Le Monde басылмасындагы макалага шилтеме кылуу менен анда жазылгандарды эле кайра баяндашууда. Ал макалада француз басылмасынын аты аталбаган булактары Жогорку Савойяда (Монблан жайгашкан, Анси көлү жана курорттору бар тоолуу аймак) россиялык чалгындоонун базасы болгон деп айтылат. Атын ачык атабаган булактар ал жакта 2014-2018-жылдарда ГРУнун (Генштабдын) башкы башкармалыгы же Россиянын чалгын башкармалыгы) 15тен кем эмес кызматкери, арасында айтылуу Петров менен Боширов да болгонун белгилешет. Ал кызматкерлер Савойядан "жан алууга жана саботаж кылууга" Евробиримдик өлкөлөрүнө тарашкан. Муну менен гана тим калбай, аталган басылма "батыштын атайын кызматтары курал-жарак же кылмышка далилдерди таба албай, камакка ала алышпаганын" да кошумчалайт. Ошондой эле Франциянын өзүнөн да "киши өлтүрүү жана саботаждын" изин таба алышкан эмес.

Ошентип дал ошол үңкүрдөн Улуу Британиянын чордонуна сокку жасалганын боолголоого негиз бар экенин жазат, бул Солсберидеги тыңчы Скрипалдын ууланышын айткандагысы. Ушул эле жерден Болгарияга (2015-жылы үч кишинин укмуштуудай ууланышы, "Новичок" колдонулган, курмандык болгон эмес) жана Черногорияга (төңкөрүш кылуу аракети, курмандык жок, аракеттен майнап чыккан эмес) да сокку жасалган имиш.

Айтор, жоктон бар кылып, "ширеси деле калбай калган" темалардын (орустар жылдан жылга адамдарды ууландырып эле келе жаткан, анан негедир баары аман калган "Новичок" кандай балакет деген суроонун жаралышынан тышкары) жаңы эпкини келди. ...Кызыгы эмнеде?

Кайсы бир атайын кызматтын бөлөк өлкөнүн аймагында базасы бар экени, бирок эбак жок болгону туурасындагы маалыматтын көзгө басар фактысы жок. "Эч кандай далилдин" жоктугунан улам кайсы бир аймакка төрт жыл аралыгында 15 киши келип кеткени гана айтылат. Бир көз жүгүрткөндө кайдан чыкты, кимге каршы колдонулары түк түшүнүксүз. Бирок кеп төркүнүн аңдап билүү кыйынчылык туудурбайт.

Международный конгресс астронавтики  - Sputnik Кыргызстан
Депутат: НАТОнун космостогу пландары ааламды кыйратат
Биринчиден, бул маалымат Парижде өтө турган Донбасс боюнча норманд форматындагы жолугушууга атайын багышталганы эч кимге деле жашыруун эмес. Анда Франция, Россия, Германия жана Украина кезигет. Бул туурасында Deutsche Welle басылмасына Еврокомиссия тарабынан каржыланган Прагадагы анча белгисиз, бирок абройлуу коммерциялык эмес "башкы борбордун" экспертинин пикири жарыяланган. "Маалыматтын чыгып кетиши Кремль үчүн түз ишарат. Жөн гана дал келүү деп ойлобойм" деп жазылат анда.

Экинчиден, басылма белгилегендей, Франция президенти Эммануэль Макрон соңку убактарда Россия менен болгон мамиледеги чыңалууну жумшартуу жана дурус кызматташууну калыптандырууга умтулууда. Бирок эми француз өкмөтү "каршылыгын билдирип, россиялык дипломаттарды чыгарып салууга мажбур". Бул — "Макрондун көзүрү", себеби муну менен "Франция баёо эмес экенин" көрсөткүсү бар.

Башкача айтканда, Макронго ушул тапта болушунча кысым көрсөтүшүүдө. Алардын оюнда Донбасс боюнча тынч сүйлөшүүлөрдүн ордуна россиялык дипломаттарды жөнөтүп (чечен согушкеринин киши колдуу болушу жөнүндөгү "четке коюлган сенсациясына" байланыштуу Германиянын кадамындай), жаңжал баштап, Россия менен жакындашуу аракетин бузсун дегенчелик кылып, басым көрсөтүп жатышат.

Андыктан, бул учурда дал француз президенти — башкы бута жана алдыда күтүлгөн маалыматтык чабуулдун курмандыгы. Анүстүнө Le Monde басылмасы көптөн бери Макрондун изин кубалагандан калбай келе жатканы менен белгилүү. Аталган маалымат каражаты ал үчүн болжол менен Дональд Трамптын New York Times басылмасындай эле. Француз вариантында президентке болгон басылманын "сүйүүсү" андан да күчтүүлүк кылгандай, себеби жеке өчтүгү да көз көрүнөө.

Кызыктын баары Le Monde басылмасынын көзөмөлдөө пакетинин ээлеринин бири — Матье Пигасс экенинде. Балким, ысымы бизге белгисиз чыгар. Ал эми Францияда ал өзүнүн кайгылуу тагдырынан улам көп жылдан бери коомчулуктун көзүндө. Кезегинде Макрон да Ротшильддин эң жаш өнөктөшү болгондой эле бул киши да Lazard банкында эң жаш тескөөчү эле.

Франция президенти Эммануэль Макрон россиялык кесиптеши Владимир Путин менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Макрондун Путинге жазган каты. Европа өткөн нерсенин кайталанышын каалабайт
Француз басма сөзү эки чыгаандын катаал күрөшүн эбактан бери баяндап бүтө албай келет. 2010-жылы Макрон Пигассты аталган басылмадан сүрүп чыгууга аракет кылган, бирок Пигасс утуп чыккан. Өз кезегинде Пигасс 2012-жылы социалист президент Олландын тушунда каржы чебери болууга белсенген.

Ошентип, алдыбызда аброй жагынан бири-биринен кем калышпаган Ротшильд менен Лазардын жаш жана кызуу кандуу банкирлеринин аягы көрүнбөгөн тирешине күбө болдук. Өч алуу, дымак, чагымчылык...

Бул күрөштө каршылашын сатып коюу мүмкүнчүлүгүн эки жак тең эч коё бербейт. Мында азыр жагымдуу нерсе пайдалуу менен айкалышууда. Евробиримдикте көп өкүлдөрдүн кызыкчылыгы үчүн президент Макрондун Москва менен дурус мамилени калыптандыруу менен күчтөнүп кетишине жол беришпейт. Аталган басылманын кожоюндары да Макронду саясатчы катары чабалдатууга кызыкдар.

...Ал эми Европанын ич ара күрөшүндө мурдагы эле көнүмүш ыкманын байма-бай пайдаланылышы европалык чагымчылардын кесипкөйлүгү төмөндөгөнүнөн кабар берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0